Топ-100
Back

ⓘ Ташыбеков, Турузбек Анарбек уулу. Ташыбеков Турузбек Анарбек уулу - инженер, мамлекеттик ишмер, саясат философиясынын доктору. 1978-ж. Фрунзе политехникалык инс ..



                                     

ⓘ Ташыбеков, Турузбек Анарбек уулу

Ташыбеков Турузбек Анарбек уулу - инженер, мамлекеттик ишмер, саясат философиясынын доктору. 1978-ж. Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. 1978 - 80-ж. ошол эле институттун Токтогул ГЭСинин алдындагы жалпы техникалык факультетинин "Материалдардын каршылыгын иликтөө" кафедрасында ассистент, 1980 - 87-ж. комсомолдун Талас облустук комитетинде инструктор, жумушчу жана айыл жаштары бөлүмүнүн башчысы, 2-катчы. 1987-88-ж. партиянын Талас обкомунун уюштуруу бөлүмунүн инструктору, 1988 - 90-ж. Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунда уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, жооптуу уюштуруучу. 1990 - 93-ж. Россиянын Башкаруу илимдер академиясында аспирант. "Элдик элчилик алакалары жана эгемендүү Кыргызстандын тышкы саясатынын телчиге башташы" деген темада диссертациясын ошол эле академияда коргогон. 1993 - 94-ж. Урал тышкы соода банкынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Гуманитардык жардамды пайдалануу боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси, мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары. Анын эмгектери эл аралык мамилелерди өркүндөтүү, Кыргызстандын тышкы саясаты сыяктуу маселелерге арналган. "Народная дипломатия, новое мышление и современный мир", "Мы изменяем мир, мир изменяет нас" деген эмгектердин автору. Медалдар менен сыйланган.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →