Топ-100
Back

ⓘ Басмачылык – Орто Азияда Совет бийлигине каршы чыккан реакциячыл кыймыл. Бул кыймыл улуттук-боштондукту көздөгөн максатта жүргүзүлгөн деген да пикирлер бар. Орт ..



                                               

Басмачы

Басмачы - Кыргызстанда жана Фергана аймагынын башка бөлүктөрүндө ХХ кылымдын башында Кеңеш өкмөтүнүн орнотулушуна каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн кыймылдын катышуучусу. Басмачылардын тобунун башчысын "корбашы" деп аташкан. Совет доорунда бул сөз расмий тарыхнаамада терс гана мааниде колдонулган. Ал эми пост-советтик доордо басмачыларды эскичил исламчыл күчтөр катары терс баалагандар да, өз элинин улуттук боштондугу үчүн күрөшкөн баатыр катары даңазалагандар да бар. Басмачылык кыймылын ар тараптуу иликтегендердин бири - өзбекстандык диссидент окумуштуу, тарыхчы Баймырза Хайит болгон. Ал 1995 ...

                                               

Корбашы

Корбашы - Кыргызстанда жана Фергана аймагынын башка бөлүктөрүндө ХХ кылымдын башында Кеңеш өкмөтүнүн орнотулушуна каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн кыймылдын кайсы-бир тобунун жетекчиси. Совет доорунда бул сөз расмий тарыхнаамада терс гана мааниде колдонулган. Ал эми пост-советтик доордо басмачыларды эскичил исламчыл күчтөр катары терс баалагандар да, өз элинин улуттук боштондугу үчүн күрөшкөн баатыр катары даңазалагандар да бар. Басмачылык кыймылын ар тараптуу иликтегендердин бири - өзбекстандык диссидент окумуштуу, тарыхчы Баймырза Хайит болгон. Ал 1995-жылы августта Кыргызстан га келип, сы ...

                                               

Талгакка байланышкан ишенимдер

Талгакка байланышкан ишенимдер Кош бойлуу аял ар түрдүү нерсеге талгак болушу мүмкүн. Андай учурда анын талгагынын жанышы үчүн күйөөсү милдеттүү.Кыргыздар аялдын талгагы канбаса бойдогу балага зыяны тиет деп чочулап, кандай гана нерсе болбосун издеп таап берүүгө аракет кылышкан. "Эгер талгагы канбаса, баланын бети башы чуңкурайып калат" деген ишеним да бар. Талгактын канбай калышы болочок инсандын тагдыры үчүн өтө манилүү экендиги жөнүндөгү ишеним эл арасында ар дайым жашап келген. Ош МУнун профессору, маркум агайыбыз Жээналы Шериевдин айтуусу боюнча, Түштүк Кыргызстандагы басмачылык кыймы ...

Басмачылык
                                     

ⓘ Басмачылык

Басмачылык – Орто Азияда Совет бийлигине каршы чыккан реакциячыл кыймыл. Бул кыймыл улуттук-боштондукту көздөгөн максатта жүргүзүлгөн деген да пикирлер бар. Орто Азияда басмачылык 1917-жылы ноябрдын аягынан башталат. Большевиктердин "ар бир улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу" деген ураанынын негизинде Түркстандын улуттук жана клерикалдык партиялары аймакка автономия статусун берүү менен акырындап, Советтик Россиядан чыгарууну көздөшкөн.

Ушундай максат менен жалпы мусулмандардын 4 курултайы 26–29-ноябрь 1917-жыл М. Тынышпаев, кийин М. Чокоев башында турган Кокон автономиялуу өкмөтүн өкмөткө М. Тынышпаев, жана М. Чокоев мүчө болгон түзгөн. Түркстанда кош бийлик орнойт: биринчиси, большевиктер башында турган Ташкендеги Совет өкмөтү, экинчиси, ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн жана "Шура-и Ислам", "Алаш" жана башка партияларынын мүчөлөрүнөн турган Кокон автономиясы. Крайлык Советтин 4-съезди Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, анын өкмөт мүчөлөрү 1918-жылы февралда камакка алынат.

Кутулгандары совет бийлигине каршы күрөшкө чыгышат. Ошентип, Кыргызстандын түштүгүндө граждандык согуш башталат. Басмачылыктын негизги кыймылдаткыч күчтөрүн бийликке умтулган жергиликтүү байлар, буржуазиянын өкүлдөрү, мусулман дининин төбөлдөрү түзгөн. Большевиктик партиянын жана совет өкмөтүнүн динге каршы жаңылыш саясаты, дин жана оокаттуу адамдарды куугунтукташы эл массасынын бир бөлүгүнүн кыжырдануусун туудурган.

Карапайым калктын улуттук эркиндик, өзүнүн диний ишенимин коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшүн басмачылар билгичтик менен пайдаланган. Басмачылардын куралдуу күчтөрүнө алданган же жазалоодон корккон дыйкандар да Басмачылардын катарына киришкен. Совет бийлиги тарабынан киргизилген "Аскердик коммунизм" саясаты боюнча дыйкандардын ашыкча малын, эгинин тартып алуу эрежеси да айрым дыйкандардын басмачылар тарабына өтүшүнө түрткү болгон.

Басмачылыктын демөөрчүлөрү бул кыймылга саясий багыт бериш үчүн панисламизм жана пантүркизм идеяларын пайдаланышкан. Түштүк Кыргызстанга кеңири жайылган басмачылык кийин Калкожо, Мадаминбек, Мойдунбек, Эргеш, Рахманкул, Көршермат, Аман палван жана башка корбашылар жетектеген. Аларга каршы атайын Фергана фронту түзүлгөн. Кызыл Армиянын бөлүктөрү менен бирге жергиликтүү советтик уюмдар түзгөн ыктыярдуу аскердик кошуундар басмачыларга каршы күрөшкөн. 1923–24-жылдар Кыргызстандагы басмачылардын ири бөлүктөрү негизинен жоюлган.

                                     

1. Колдонулган адабият

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети." Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”." Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов төрага Т.Н Өмүрбеков”.
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →