Топ-100
Back

ⓘ Гиссар маданияты – Тажикстандын түштүк батышындагы Кафирниган жана Вахш өрөөндөрүндөгү соңку неолит дооруна таандык байыркы аңчылардын маданияты. Анын эң ири эс ..



                                     

ⓘ Гиссар маданияты

Гиссар маданияты – Тажикстандын түштүк батышындагы Кафирниган жана Вахш өрөөндөрүндөгү соңку неолит дооруна таандык байыркы аңчылардын маданияты. Анын эң ири эстеликтери Туткаул, Куй-Вульен жана Кыргызстандын Алай кырка тоосунда. Гиссар маданиятына тиешелүү турак жайлар сууга жакын тектирлерде жайланышкан. Асты шыбалган үй, анын ичинде очоктордун калдыктары, оттук таш тегинен жылмаланып жасалган балта, ошондой эле кыргыч, бычак сымал одоно жасалган таш куралдар табылган. Бул учурда жаңы куралдар менен бирге архаикалык, төмөнкү таш дооруна мүнөздүү куралдар колдонулган. Эл негизинен аңчылык кылып, мал баккан. Дыйканчылык кылгандары да болгон.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →