Топ-100
Back

ⓘ Алыкул Осмонов. Кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. 1928-жылга чейин Фрунзе, ..



                                               

Осмонов

Осмонов: Осмонов Талгат Абдулаевич 1950- Осмонов, Чынтемир 1923-1987 Осмонов Артык 1929- Осмонов, Ильяс 1940- Осмонов Сатылган 1938-, композитор Осмонов Сайырбек 1940-1980 Осмонов Өскөн Жусупбекович 1954- Осмонов Майрамбек 1973- Осмонов, Алыкул 1915-1950 Осмонов Абдрай 1939- Осмонов, Асанкул 1935-, артист Осмонов Бектур 1896-1976 Осмонов, Сузак району

                                               

21-март

                                               

Үмөталиев, Шаршенбек

Сынчы, адабиятчы, жазуучу Шаршенбек Үмөталиев Сокулук районунун Түз деген айылда 1925-жылы туулган. Орто мектепти бүтүрүп, Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен кетет. 1951-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогика институтунун тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, 1952–1955-жж. Москва шаарындагы СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуп, "Аалы Токомбаевдин поэзиясы" деген темада диссертация жактап, филология илимдеринин кандидаты болот. 1955–1960-жж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргызстан мамлекеттик универс ...

                                               

Эгембердиев, Абдыжапар

Акын Абдыжапар Эгембердиев Түп районундагы Токтоян айылында 1951-жылы 15-августа туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин жана Ташкент саясат жана башкаруу институтунун журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов атындагы орто мектебинде мугалим болуп баштап, бир катар жылдар Ак-Талаа райгезитинин редакторунун орунбасары, партиянын Ак-Талаа жана Ак-Суу райкомдорунун саясий агартуу кабинеттеринин башчысы, партиянын Ысыккөл обкомунун саясий агартуу Үйүнүн консультанты, Түп райондук гезитинин редактору, облустук "Ысык-Көл пра ...

                                               

Шатманов, Салибай

Акын Салибай Шатманов Аксы районунун Кызыл-Жар айылында 1932-жылы 25-декабрда туулган. 1953-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун бүтүрүп, Жаңы-Жол районунун айылдарындагы мектептерде директор, 1960-жылга чейин Ак-Суу орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, "Колхоз жолу" аттуу райондук гезиттин редакциясында адабий кызматкер болгон. 1961–1966-жж. КМУнун филология факультетинде окуган. Университетти бүтүрүп, "Мугалимдер газетасында" адабий кызматкер, бөлүм башчы болуп 18 жыл бою эмгектенип, 1986-жылдан "Мектеп" басмасынын жаштар редакциясында редактор, "Адабият" басмасында редак ...

                                               

Кыргыз аттары

Амантур - Бектур Карачач - Калдыргач Жанылай - Жумагазы Жуман - Кутман Курманбек - Курмангазы Айдаралы - Айнура Айжамал - Гулжамал Жекшен - Жеенбек Жийдегул - Жоробек Жангазы - Жанылай Жеенбек - Жанара Кыял - Тазабек - Нурлан - Дастан - Чоро - Айтурган - Таалай - Абдыкайым - Тунукбек Гулзар - Гулзада - Айгул - Айнур - Айжамал - Муса - Иса Муса - Нагима Ошондой эле эгиздердин аттары Асан-Усон, Батма-Зуура, Дамир-Дамира,

Алыкул Осмонов
                                     

ⓘ Алыкул Осмонов

Кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган.

1928-жылга чейин Фрунзе, Токмок балдар үйүндө тарбияланып, Фрунзе педтехникумунда 1928–1933-жж. окуйт. Бирок ден-соолугуна байланыштуу бул окуу жайды бүтүргөн эмес. болгон Эмгек чыйыры "Чабуул" журналынан башталып, ”Ленинчил жаш” гезитинде уланат. 1937–1940-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун коомдук башталыштагы катчысы кызматында иштеген. Алыкул Осмоновдун "Кызыл жүк" деген алгачкы ыры "Сабаттуу бол" гезитине 1930-жылы жарыяланып," Таңдагы ырлар” туңгуч жыйнагы 1935-жылы басылып чыккан.

Акын дүйнөлүк жана орус адабиятына кызыгып, алардын бир тобун эне тилине которуу менен бирге чыгармачыл мектептен өтүп, кыргыз фольклору на терең маани берүү менен эл арасынан көптөгөн уламыштарды чогултуп, алардын негизинде ондогон поэмаларды жазган.

А.Осмонов 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Ошол эле жылы" Ардак белгиси” ордени, 1946-жылы" 1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн" Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлөт.

А.Осмоновго 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган. 1986-жылы Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү" Алыкулдун Акбозат” поэзия майрамын уюштурган. 1988-жылы Бишкектеги №68 мектепке, 1990-жылы №9 китепканага акындын ысмы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп жана тоо чокусу 4060м, бир кеме" Алыкул” наамында.

А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги" Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген.

А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.

                                     

1.1. Жарык көргөн китептери Орус тилинде

Мой дом: Стихи.  М.: Сов. писатель, 1950.  156 с.

Мой дом: Стихи.  Ф.: Киргизгосиздат, 1954.  136 с.

Избранное: Стихотворения.  М.: Сов. писатель, 1955.  184 с.

Избранное: Стихи.  М.: Политиздат, 1958.  304 с.

Лиса и гуси. - Ф.: Мектеп, 1974.  20 с.

Избранное: Стихи и поэмы.  М.: Худож. лит., 1975.  272 с.

Дети и журавли. - Ф.: Мектеп, 1981.  6 с.

Отчий край: Стихотворения и поэмы.  Ф.: Кыргызстан, 1987.  256 с.

Стихотворения и поэмы. – Л.: Сов.писатель.  1990.  303 с.

                                     

1.2. Жарык көргөн китептери Башка элдердин тилдеринде

Дети и журавли: Стихи. – Таллин: Ээсти раамат, 1984.  11 с. – эст.

Толубай сынчы: Поэма. – Алма-Ата, 1963. – казак.

                                     

2. Котормолору

Крылов И. А. Тамсилдер.  Ф.  Казань: Кыргызмамбас, 1937.  38 б.

Крылов И. А. Тамсилдер.  Ф.: Кыргызмамбас, 1938.  26 б.

Маршак С.Я. Жалкоолор жана мышык.  Ф.  Казань: Кыргызмамбас, 1937.  8б.

Перро Ш. Жомоктор.  Ф.: Кыргызмамбас, 1937.  30 б.

Пушкин А.С. Поп жана анын кызматчысы Балда жөнүндө жомок.  Ф.  Казань: Кыргызмамбас, 1937.  16 б.

Чуковский К. Федоринанын шору: Ырлар.  Ф.  Казань: Кыргызмамбас, 1938.  17 б.

Руставели Шота. Жолборс терисин кийген баатыр.  Ф.: Кыргызмамбас, 1940.  376 б.

Ошол эле. - 1951. - 332 б.

Ошол эле. - 1956. - 332 б.

Ошол эле - 1972. - 304 б.

Ошол эле. - 1976. - 306 б.

Ошол эле. - 1982. - 300 б.

Пушкин А.С. Евгений Онегин: Ыр менен жазылган роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948.  160 б.

Шекспир В. Отелло: Ыр менен жазылган трагедия. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949.  152 б.

                                     

3. Интернеттеги шилтемелер

  • "Мезгил жана Алыкул" Казыбаев Памирбек
  • "Алыкул Осмонов. Чыгармалар жыйнагы. 1-том. 1964-ж." ырлар
  • "Алыкул Осмонов. Чыгармалар жыйнагы. 2-том. 1965-ж."
  • "Жолборс терисин кийген баатыр" котормосу
  • "Алыкул Осмонов. Чыгармалар жыйнагы. 3-том. 1967-ж." котормолор
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →