Топ-100
Back

ⓘ Адабият таануу - көркөм адабияттын маңызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзамченемдерин изилдөөчү илим. Үч ..



                                               

Китеп таануу

Китеп таануу, библиология - китеп жөнүндөгү комплекстүү илим. Китеп таануу басма сөз басылмаларынын жаралуу жана пайдалануу процесстерин изилдейт. Китеп таануу илими китеп тарыхын, басма ишинин теориясын, методикасын жана уюштурулушун, китеп соодасын, китепкана жана библиогр. иштерди камтыйт. Китеп таануу китеп ишин өнүктүрүүгө илимий багыт берет, аны башка илимдер аркылуу жаңы ыкма менен байытат. Китептин тарбиялык, окуу, илимий-техникалык, маданий процесстеги жана эл аралык мамиледеги ролун ар бир тарыхый мезгилге шайкештигин ырастап турат. Китеп таануу китептин коомдогу аткарган кызматы ...

                                               

А

Атлах Аталык Антропология Айтыш Автоматташтыруу жана башкаруу минбары, КМТУ Акун, Турсунбек Атала Акула Архитектура Айыл чарба Азербайжандагы отпараздар Асанов, Үсөн Аралыктан дистанттык окутуу Абиотикалык факторлор Америка Кошмо Штаттары Акунов, Аалыбек Акыйкатчы Айырмач Астрономия Археология Африка пилдери Адабият Арча - лат. Juníperus, орусча можжевельник Айтийбес Адабият таануу Азаттык үналгысы Амур Айгүл Шаршен Азамат Алтай Алмамбетов Адабият түрлөрү Абрамзон

                                               

Одесса

Одесса – Украинадагы баатыр-шаар. Одесса облусунун административдик борбору. Кара деңиздеги ири порт. Калкы 1.0 млн. Темир жол тоому. Аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү, химия, нефть ажыратуу, химиялык-фармацевтика, тамак-аш–татымал, жеңил, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары жана болот прокат өндүрүш бирикмеси иштейт. 14 ЖОЖ, Украина ИАнын Түштүк илимий борбору, 7 театр, музейлер, А. С. Пушкиндин адабий-мемориал музейи бар. Шаар 15-кылымда түрк чеби Хажибейдин ордунда негизделген. 1794-жылдан шаар. 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согушта Одесса баатырдык менен 73 күн коргонуусу арк ...

                                               

Монгол илимдер академиясы

Монгол илимдер академиясы 1961-ж. түзүлгөн. Анда коомдук, биология жанa Жер жөнүндө илим, ошондой эле физика-математика жанa химия институттары иштейт. Ил. китепкана, обсерва­тория, басмакана жанa "БНМАУын Шинжлэх ухааны академинн мэдээ" 1961-жылдап МЭР ИАнып кабары журналы 3 айда бир басылып чыгат. 1973-ж. МЭР ИАда 700дой ил. кызматкер иштеген. Академия чет өлкөлүк кесиптештери менен байланышта.

                                               

Хлыпенко Георгий Николаевич

Сынчы, адабиятчы Георгий Хлыпенко Москва районунун Садовая айылында 1938-жылы 16-сентябрда туулган. 1955-жылы өз айылында орто мектепти, 1960-жылы КМУнун филологиялык факультетин, 1966-жылы КМУга караштуу аспирантураны аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты. 19601968-жж. ИИИни координациялоо боюнча мамкомитеттин ИТИИнин редакциялык-басма бөлүмүнүн улук редактору, начальниги, 1966-жылдан илимий-педагогикалык ишинде эмгектенип, 1966-жылы КМУнун орус адабиятынын теория жана тарых кафедрасынын окутуучусу, 1969-жылдан Пржевальск пединститутунун орус адабияты кафедрасынын улук окутуучусу, ка ...

                                               

Образ

Образ, кейип – турмуштун конкреттүү жана жалпыланган жактарынан алынган адамдын искусстводогу эстетикалык мааниге эгедер чыгармачылык көркөм фантазия менен түзүлгөн көрүнүшү. Образдар илим менен искусствону айырмалап турат. Жазуучу өз предметин көркөм образдар аркылуу сүрөттөйт. Ал өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашына, эстетикалык идеалына, чыгармачылык жана турмуштук тажрыйбасына ылайык турмуш чындыгына, көрүп-билген кишилерге алымча-кошумчаларын киргизет образдын эстетикалык жана тарбиялык кудурети көрүнөт. Чыгармадагы образдын аткарган кызматына жана турган ордуна карап, адабият таануу ил ...

                                               

Майкоп

Майкоп – Адыгэ Республикасынын административдик борбору. Орусыядагы шаар. Ак дарыясынын оң өйүзүндө, Туапсе – Усть-Лабинск автомобиль жолунун боюнда, Москвадан 1669 км түштүктө жайгашкан. Калкы 154.7 миң. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол станциясы. машина куруу, тамак-аш, мүнөз эт даярдоочу фабрика, жеңил, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. ГЭС, педагогикалык институт, ИИИлер, 2 театр, камералык музыкалык театр, филармония, 2 музей бар. 2001-жылы Россия акад. искусство театрынын филиалы ачылган. Шаар 1857-жылы орус чеби катары негизделген. 1870-жылдан уезд шаары. 187 ...

                                               

Токчоро Жолдошев

Токчоро Жолдошев Кыргыз элинин интеллегенттеринин тарыхына көз жүгүртсөк, революцияга чейин кыргыз элинде орто жана жогорку окуу жайларын бутүргөн кишилер жокко эсе болгон. 1928- жылга чейин окуп, билим, тарбия алып чыккан интеллегенттеринин бири Токчоро Жолдошев. Ал кыргыз элдин арасынан суурулуп чыккан тунгуч адабият сынчысы болгон. Т. Жолдошев 1902- жылы Жети-Суу областынын Пишпек уезди, Сарыбагыш болушу, Кара-Жылга кыштагында кедей чарба үй бүлөсүндө туулган. Т. Жолдошев 1921- жылы Алматы шаарында ачылган окутуучулар даярдай турган дарил мугалим аттуу орто мектепке кирет. Токчоро ошол ...

                                               

Хожа Абдаллах Ансари

Абу Исмаил Абдуллах ибн Абимансур Мохаммад. Ал Иранда өзгөчө Герат шаарында" Картаң Герат”," Картаң Ансари” жана" Хожа Абдаллах Ансари” жана" Ансари Херуви”, илимпоз, суфийлердин мистиги катары белгилүү болгон. Он биринчи кылымдын көөнөрбөс адабиятчысы, байыркы Иран жана Хорасандагы Ыйык Куранды чечмелеп, хадистердин түшүндүрө билген даанышманы, төкмө акыны, этиканын адиси катары элге таанымал болгон. Ал өзүнүн көөнөрбөс таланы, сөздөрдү бири бирине шуурудай кылып айкалыштыра тизген чечендиги менен укмуштуудай аңгемелерди жазган. Ал өз чыгармаларын, мактоо ырларын араб жана фарсы тилдеринд ...

Адабият таануу
                                     

ⓘ Адабият таануу

Адабият таануу - көркөм адабияттын маңызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзамченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы, б. а. рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структурасын, адабий процесс менен чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин, айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; адабий сын көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт жана баа берет, адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин жана ролун аныктайт. Азыркы адабият таануу эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият таануунун башатында антикалык доордун философтору жана акындары, Чыгышта байыркы жана орто кылымдагы кытай, инди жана араб ойчулдары турушат. Адабият таануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаңылануусун кенен жана терең чагылдыруу менен көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эң таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дешке толук негиз бар. Кыргыз адабият таануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзамченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы ж. у. с. маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. 0. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектеништи. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу илимдин бул тармагында активдүү иштешти.

Б. з. ч. 56-кылымдарда Байыркы Грецияда адабият менен искусствонун чыгармаларын баалоонун карама-каршы эки принциби пайда болуп, ошол кылымдын алгачкы мезгилинде алыскы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө адабият өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлөт. Иран жана Орто Азиядагы Адабият таануу араб тилинде өнүгө баштайт. Европа өлкөлөрүндө Адабият таануунун тарыхында жаңы этап башталат. А. Н. Радищев 1749–1802 биринчи болуп адабияттын коомдук-тарбиялык милдеттерин элди эзүүчүлөргө каршы боштондук күрөшүнө кызмат кылуу милдети менен байланыштырган. В. Г. Белинский 1811–1848 орустун Адабият таануусунда жаңы доор баштап, материалисттик эстетиканын негизин салды. Адабияттагы жаңы багыт үчүн күрөш А. И. Герцендин 1812– 1870, Н. Г. Чернышевскийдин 1828–1889, Н. А. Добролюбовдун 1836–1861 эмгектеринде улантылды.

Адабият таануу ХХ кылымда өнүгүп, адабиятты коомдук көрүнүш деп, конкреттүү образдар жана сүрөттөр аркылуу чындыкты таануунун өзгөчө түрү катары карашты, тарыхты илимий материалисттик түрдө таанууга таянышып, коомдук аң-сезимдин бардык башка түрлөрү сыяктуу эле адабияттын өсүп-өнүгүшү да коомдук, экономикалык түзүлүштөгү, тап күрөшүндөгү өзгөрүүлөр менен шарттала тургандыгын айтышты, искусствого баа берүүнүн объективдүү чени катары адабий чыгарманын көркөмдүк баасы элдин күрөшүн канчалык даражада чагылткандыгына жараша болорун белгилешти. Кыргыздын адабият илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы өзгөрүүлөр, анын турмушту көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы жана ушул сыяктуу маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →