Топ-100
Back

ⓘ Кулакка тартуу Совет бийлиги 20-жылдардын ичинде кулактарга чектөө саясатын жүргүзсө, 1929-ж.ылы 27-декабрынан Кулактарды тап катары жоюу жарыялангандан кийин К ..



                                               

Каада- салттар,ырым-жырымдар

1. Жаш балдарга байланыштуу каада-салттар: - киндик эне болуу; - ымыркайды оозантуу; - сүйүнчүлөө; - наристеге ат коюу; - жентек той берүү; - көрүндүк берүү; - кыркын чыгаруу; - карын чачын алдыруу; - тырмагын алдыруу; - бешикке салуу; - кас-кас тургузуу; - тушоосун кесүү; - сүннөт тою ; - мүчөл чыгаруу; - кулагын көзөө ; - чачын өрүү; - бала асыроо; - баланы качыруу; - эмчектеш кылуу; - баланы эмчектен чыгаруу; - баланы жентектөө; - бармак тиштетүү; - оозуна түкүртүү; - көкүл коюу; - мал энчилөө; - энчи бөлүү; - бата тилөө; - бата берүү. 2) Бойго жеткен кыз жана эркек балдарга карата өткө ...

                                               

Даарат

Даарат - таза суу менен колду чыканак менен бирге, бетти, томук менен кошо бутту жуу жана башка масх тартуу түрүндө жүзөгө ашкан өзгөчө тазалык. Маида сүрөсүнүн 6-аятында намазга тураардан мурун даарат алуу зарылчылыгы тууралуу төмөнкчө буюрулат: "О, ыйман келтиргендер! Намазга турганыңарда жүзүңөрдү жана колуңарды чыканакка чейин жуугула, башыңарга масх тарткыла т.а. сууланган ным колуңар менен сылагыла, бутуңарды томукка кызыл ашыкка чейин жуугула". Маида сүрөсү, 5/6. Азирети Мухаммад саллаллааху алеихи ва саллам Паигамбарыбыз да дааратсыз окулган намаздын жараксыз болгондугу жөнүндө бир ...

                                     

ⓘ Кулакка тартуу

Кулакка тартуу Совет бийлиги 20-жылдардын ичинде кулактарга чектөө саясатын жүргүзсө, 1929-ж.ылы 27-декабрынан "Кулактарды тап катары жоюу" жарыялангандан кийин Кыргызстандагы оокаттуу дыйкандарга кирген кулактарга массалык репрессия баштаган. Чындыгында, Кыргызстанда кулактардын саны өтө аз болгон. 1929-жылы салык эсеби боюнча Кыргызстандын аймагында жалпы дыйкан чарбалардын 1.8%ин түзгөн 3406 гана кулак чарбасы болгон. Жергиликтүү бийлик органдары фактыларды бурмалашып, дыйкандардын 10%ин кулакка тартышкан. Натыйжада, орто дыйкандардын көпчүлүгү, айрым учурда кедей дыйкандар да кулакка тартылган. Кулакка тартылгандардын бир бөлүгү сот жообуна тартылса, 2-бөлүгү алыскы аймактарга кубаланган. Мисалы, 1931-жылга чейин 6 миң үй-бүлө Украинага, Кавказга көчүрүлгөн. Совет бийлигинин Кулакка тартуудагы бурмаланган саясаты дыйкандардын куралдуу көтөрүлүшүнө алып келген. Мисалы, Ысык-Көл, Нарын жана Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу көтөрүлүштөр Кулакка тартуу саясатын иш жүзүнө ашырууда айыл-кыштак калкынын бир бөлүгү массалык жазалоодон жабыр тарткан.

                                     

1. Колдонулган адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003." Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”" И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”" Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”." Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов төрага Т.Н Өмүрбеков”

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →