Топ-100
Back

ⓘ Чагатай – Мавераннахр, Жетисуу жана Чыгыш Түркстанды бийлеген моңгол ханы; Чыңгыз хандын экинчи уулу. 1211-жылы Чыңгыз хандын Кытайга жасаган жүрүшүндө аскер то ..



                                               

Чымкент

Чымкент, Чымкен - Казакстандын түштүгүндө эң ири шаар. Казакстандагы шаар. Эски доор заманында Чагатай Улусу, Казак Ордосу менен Кокон хандыгында болгон.

                                               

Тараз

Тараз – Түштүк Казакстандагы шаар. Жамбыл областынын административдик борбору. Талас дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 350.3. Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Химиялык, жеңил, тамак-аш, машина куруу, металл иштетүү өнөр жай, курулуш ишканасы иштейт. Шаар 5–16-кылымга таандык. Алгач Византия императору Юстин IIнин 568–69-жылдары түрк каганына жиберген элчиси Земарх тын маалыматында кезигет. 630-жылы келген Сюань-Цзяндын кабарында Тараздын айланасы 8–9 лини түзүп, шаарда ар кайсы өлкөдөн келген көпөстөр жашаган. 751-жылы Зияд ибн-Салих жетектеген арабдардын колу Таразга жакын жерд ...

                                               

Салар тили

Салар тили - саларлардын тили, огуз группасындагы түрк тилдеринин бири. КЭРдин батыш провинцияларынын айрым жерлеринде, негизинен Цинхай провиндиясынын Сюнь-Хуа-Салар аймагына тараган. Диалектилик айырма анча байкалбайт, чыгыш жана батыш өткөөл говордук топко бөлүнөт. С. т. түрк тилинин байыркы огуз тобунун жана салгур уруусунун тилинин структуралык элементтерин сактаган. Огуз тобунун кыпчак элементтери да Herne болгон. Түрк тилдеринин кыпчак тилине тийгизген таасири 14-кылымда аяктаган, анткени саларлар Кытайга жер которгондугуна байланыштуу башка тилдердин таасирине өткөн. 15-17-к-га таа ...

                                               

Арпа-Йазы

Арпа-Йазы - жердин аты, тарыхый топоним. 15-кылымдагы кол жазма эстеликтерде Тимурдун Моголстанга жасаган жортуулдарына байланыштуу эске алынат. Тимурдун тарыхын жазган тарыхчылар Арпа-Йазы Ат-Башыга жакын өрөөн, жайлоо экенин, аны Тимурдун аскерлери бир нече жолу басып өткөнүн белгилешкен. Айрым изилдөөчүлөр Арпа-Йазы эки суунун атын билдирет деген корутундуга келпшкен. Чынында топоним эки башка сууну эмес, бир эле жерди, аймакты билдирет. Аталган эмгектерде да ушундай. Тимурдун аскерлери азыркы Арпа өрөөнүнөн өтүп, андан Фергана тоосун ашып, Жазы суусун бойлоп кеткенп ырас. Бирок буларды ...

Чагатай
                                     

ⓘ Чагатай

Чагатай – Мавераннахр, Жетисуу жана Чыгыш Түркстанды бийлеген моңгол ханы; Чыңгыз хандын экинчи уулу. 1211-жылы Чыңгыз хандын Кытайга жасаган жүрүшүндө аскер тобун башкарган. 1219–21-жылы Орто Азияда согушуп, башка бир туугандары менен бирге Хорезмди басып алган. Чагатай мурас бөлүштүрүүдө атасынын ээлигинин чыгыштагы уйгурлар өлкөсүнөн Бухарага чейин жана батышта Самаркан жерлерин алган. 1226-жылдан Кыргызстандын аймагы Ч-дын бийлиги астында болгон. Диний саясаты жагынан алганда моңголдор эч кимге кысым жасаган эмес. Теңир-Тоо калкы ислам, несториан, бутпарас жана башка диндерди эркин туткан. Бирок алардын оор алык-салыктары, аскердик жортуулдары үчүн адамдардын алынышы, көчмөн түрк-моңгол урууларынын Теңир-Тоого көчүрүлүшү Кыргызстандын мурдагы өнүгүп отурукташкан өрөөндөрүнүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашына жана шаар-кыштактардын кыйрашына алып келген.

                                     

1. Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →