Топ-100
Back

ⓘ Хакас-кыргыздар. Хакастардын курамындагы хыргыс сөөктөрү эң көрүнүктүү, тектүү уруу катары маалым. Эгерде, хакастарда жалпысынан 1200 фамилия белгилүү болсо, хы ..



                                     

ⓘ Хакас-кыргыздар

Хакас-кыргыздар. Хакастардын курамындагы "хыргыс" сөөктөрү эң көрүнүктүү, тектүү уруу катары маалым. Эгерде, хакастарда жалпысынан 1200 фамилия белгилүү болсо, "хыргыс" сөөгү алардын 5%ин түзгөн. 17–18-кылымдарда Хакас-Минуса ойдуңунун калкы негизинен социалдык эки чоң топко бөлүнгөн: кашка сөөктөр катмарына кыргыздар, кара сөөк катмарына кыргыздарга салык төлөгөн көзкаранды уруулар, этностук топтор – кыштымдар кирген.

Нили дарыясынын өрөөнүндө "хыргыс" сөөгүнүн колдоочусу катары эсептелген "Иней тас" деген чулу таштар болгон. Бул уруктун өкүлдөрү жыл сайын, июнь айында бул жерге түлөө өткөрүшүп, сыйынышчу. Уламыштар "Иней тасты" кыргыздардын ташка айланып калган түпкү энеси катары баяндайт. "Хыр хыс" – ак буурул чачы бар кызды аныктайт. "Хыргыс" этноними хакас-тардын ири урууларынын кездешет.

                                     

1. Колдонулган адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003." Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”" И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”" Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”." Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов төрага Т.Н Өмүрбеков”

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →