Топ-100
Back

ⓘ Билим берүү - – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси. Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу к ..



                                               

Техникалык билим берүү

Техникалык билим берүү - өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, айыл чарба жана токой чарбасы үчүн инженер, тех. кадрларды даярдоо. Атайын Техникалык билим берүү менен катар жардамчы жана жалпы Техникалык билим берүү да бар. Анын максаты - жогорку окуу жайлардын студенттерине жана атайын орто окуу жайлардын окуучуларына илимдин, маданияттын тармактарында колдонулуучу машина, аппарат, механизм, башкаруунун автоматтык каражатын пайдаланууга зарыл билим жана ыкмаларды үйрөнүү үчүн тех. билим берүү. Жардамчы Техникалык билим берүүгө университеттердин геол., хим., физ., биол. ж. б., айыл чарба ...

                                               

Кошумча билим берүү

Кошумча билим берүү – окуу планынан тышкары билим берүүнүн бир түрү. Кошумча билим алган адам экинчи бир адистикке ээ болот. Кошумча билим өзгөчө адистер жетишпеген учурда өтө зарыл.

                                               

Ачык билим берүү

Ачык билим берүү - академиялык талаптарсыз билим берүү жана адатта ал онлайн түрүндө сунуш кыланат. Ачык билим берүү окууга өткөнгө жана салттуу түрдө формалдык билим берүүнүн системалары сунуш кылган окутууга киргенге мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. "Ачык билим берүүнүн" тандоосу институттук окутууга негизделген окуу процессине катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоолдук кылган бөгөөттөрдү алып таштаганга жардам кылат. "Ачыкка" тандоо - окуу процессине катышууга укугу бар экенин таанууга жана андагы мүмкүнчүлүктөрдү алууга тоскоолдуктарды алып таштоо үчүн болот. Ачыктыктын же билим берүүнүн "ачык" бо ...

                                               

Ачык билим берүү булактары

Ачык билим берүү булактары - эркин, жеткиликтүү, ачык лицензиялашкан тексттер, массалык маалымат каражаттары жана башка санариптик активдер. Алар окутуу жана үйрөнүү, баалоо жана аңдоо, ошондой эле изилдөө максаттары үчүн пайдалуу. Бул ачыктык кыймылы сырттан окуу / аралыктан окуудагы негизги тенденция. OERде файлдардын ачык форматтарын универсалдуу колдонуу жок. Ачык билим берүү булактарын өнүктүрүү жана жылдыруу көп учурда альтернативдүү же кеңейтилген билим берүүчү парадигманы көрсөтүүнү каалоодон улам болот.

                                               

Кесиптик башталгыч билим берүү

Кесиптик башталгыч билим берүү – негизги же жалпы орто билимдин базасында коомдук пайдалуу ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча адистикке ээ эмгектин жумушчуларын негизги же жалпы билим берүү базасында 10 пайыздан ашык эмес, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда – 15 пайыздан ашык эмес даярдоо.

                                               

Аялдардын билим алуу укугу

Билим берүү - инсанды, коомду жана мамлекетти ар тараптан өнүктүрүү максатында үзгүлтүксүз, тутумдук тарбиялоо жана окутуу процесси, ал билим алуучулардын жетишкендиктерин мамлекет белгилеген билим берүү деңгээлдери менен баалоо менен коштолот. Билим алуу укугу - адамдын азыркы мезгилдин шарттарында кадыресе жашоо жүргүзүшү үчүн талап кылынган, мамлекет камсыз кылган билимдин, жөндөмдөрдүн жана шыктардын көлөмүнө ээ болуу укугу. Ал ар бир адамдын негизги укуктарынын бири болуп саналат. Бул укук Адам укуктарынын жалпы декларациясында жарыяланып, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар ...

Билим берүү
                                     

ⓘ Билим берүү

Билим берүү - – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси.

Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү; экинчиден, билим берүү – белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышы, өнүгүшү; үчүнчүдөн, билим берүү – билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын аракеттеринин системасы катары каралат. Күндөлүк турмуштан байкалгандай, "билим берүү" термини биз элестеткен кеңири мазмунду толук чагылдыра албайт. Анткени, бул термин адатта мугалимдин аракетин же билим берүүчү мекемелердин гана ишин мүнөздөп калгандай көрүнөт.

Чындыгында, бул термин аркылуу аныкталуучу түшүнүктүн мазмуну адамдын билимге ээ болуу процессин, ага жетекчиликти жана уюштурууну, акырында келип анын жыйынтыгын мүнөздөйт. Ошондуктан "билим берүү" түшүнүгүн өтө кеңири мааниде: окуучунун билим алуу, билгичтиктерге жана көндүмүдөргө ээ болуу ишмердигин; окуучунун инсан катары калыптануу процессин; таалим-тарбия берүү процессинин жана аны ишке ашырууга түзүлгөн шарттардын жалпы комплексин, ошондой эле таалимчилердин иш-аракетин; акыры келип инсандын гармониялуу мүнөздөгү өнүгүшүн түшүнүү ылайык болот.

Кыргызстан: ЖОЖ:

  • Kыргыз-Өзбек университети
  • Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети
  • КР ТИМ дипломатиялык академиясы
  • Kыргыз дене тарбия жана спорт институту
  • Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • Баткен мамлекеттик университети
  • Жалалабат мамлекеттик университети
  • Kыргыз улуттук университети
  • Кыргыз-Орусия билим берүү академиясы
  • Нарын мамлекеттик университети
  • Талас мамлекеттик университети
  • Oш мамлекеттик университети
  • Kыргыз-Орусия Славян универститети
  • Oш технология университети
  • Kыргыз-Tүрк "Maнас" университети
  • Ош педагогикалык университети
  • Kыргыз улуттук консерваториясы
  • Kыргыз мамлекеттик медицина академиясы
  • Бишкек гуманитардык университети

ж.б.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →