Топ-100
Back

ⓘ Мекен таануу – башталгыч класстар үчүн окуу предмети. Мекен таануу кенже мектеп окуучуларына курчап турган дүйнөнү илимий негизде таанытуучу, Ата Мекендин жарат ..



                                               

Донецк

Донецк - Украинадагы шаар. Донецк облусунун административдик борбору. Кальмиус дарыясынын боюнда, Донбасстын борбордук бөлүгүндө. Калкы 1.2 млн. Темир жол тоому. Көмүр казып алынат. Кара жана түстүү металлургия, машина куруу, химиялык, кокс-химия, тамак-аш-татымал, жеңил өнөр жайы өнүккөн. Украина ИАнын илимий борбору. Беш ЖОЖ, 3 театр, мекен таануу, көркөм сүрөт музейи бар. 1869-жылы негизделген.

                                               

Дудинка

Дудинка - Россиядагы шаар. Таймыр автономия округунун административдик борбору. Енисей дарысынын төмөнкү агымындагы деңиз порту. Норильск шаарынын аванпорту. Темир жол бекети. Калкы 25.4 миң. Балык заводу иштейт. Мекен таануу музейи бар. 1667-ж. негизделген.

                                               

Жердин экологиялык маселелери

Жердин экологиялык маселелери – бул бардык Жер жүзүнө таандык маанилүү маселелер жана көрүнүштөр. Адамзаттын тарыхы жаратылыш тарыхы менен бекем байланыштуу. Бүгүнкү күндө адам менен жаратылыштын өз ара алакасы экологиялык глобалдуу маселелерге айланды. Адам баласы жаралгандан баштап эле табият менен тыгыз байланышта жашаган. Өзүнө керектүү тамак-ашты алган, жаратылыштын даяр нерселеринен үй салган, токойлорго, жарга, сууга аяр мамиле жасаган. Адамдардын санынын көбөйүшү жана өндүрүштөрдүн өсүшү курчап турган чөйрөгө көп түйшүктөрдү жаратты. Адамдардын көбү шаарларда жашайт. Аларга электр ...

                                     

ⓘ Мекен таануу

Мекен таануу – башталгыч класстар үчүн окуу предмети. Мекен таануу кенже мектеп окуучуларына курчап турган дүйнөнү илимий негизде таанытуучу, Ата Мекендин жаратылышын, элдин турмушун, салт-санааны окутуу менен эли-жерин сүйүүгө, Мекенин коргоого тарбиялоочу интегралдашкан предмет. Мекен таануу предметинин мазмуну табигый илимдер менен гуманитардык билимдердин айкашынан турат. Алып айтсак, анын мазмунунда астрономия, география, биология, химия, физика илиминин элементтери чагылдырылат. Гуманитардык билимдерден: тарых, адабият, этнография, культурологиянын маалыматтары бар. Мекен таануу курчап турган дүйнөнү таанытуу максатка ылайык төмөндөгү мазмундук багыттардан турат: Аалам. Жер – ааламдын бир бөлүгү. Жер бетиндеги жаратылыш. Кыргыз жери. Жаратылышты коргоо. Адам – жаратылыш перзенти. Адам – акылман. Адам - өнөрлүү. Адамдардын мамилеси.

Ата салты. Үй-бүлө, ата-эне, биздин айылдын шаардын эли, Республикабыздын эли. Дүйнө элдери. Достук жана ынтымак. Мазмуну класстар боюнча балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык бөлүштүрүлүп окуу программасында төмөндөгүчө жайгаштырылган: 1-класс "Мен жана айлана чөйрө".

2-класс "Биз жашаган жердин жаратылышы жана элдин турмушу".

3-класс "Республикамдын жаратылышы жана элдин турмушу".

4-класс "Аалам жана биз".

Атайын түзүлгөн программанын негизинде жазылуу менен, Мекен таануу окуу китеби:

1-класстын "Мен жана айлана чөйрө",

2-класстыкы "Жаратылыш жана биз",

3-класстыкы "Кыргыз жери – керемет",

4-класстыкы Мекен таануу сабактарында элдик маданият, турмуштук билимдер кеңири колдонулат.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →