Топ-100
Back

ⓘ Табият таануу - – жаратылышта жандуу жана жансыздар, оошондой эле алардын байланышы жөнүндө баштапкы маалымат берүүчү окуу предмети. Бул предмет боюнча өткөрүлг ..



                                               

"Илим" басмаканасы

"Илим" басмаканасы - КР УИАнын ил. китеп чыгаруучу басмасы. 1955-ж. уюштурулган. Ошол эле жылдары ал жалпы көлөмү 201 басма табакты түзгөн 36 ар кандай аталыштагы китеп, китепче, монография, жыйнак басып чыгарган. 1964-жылдан "Илим" деген аталышта. Басмадан жарыялануучу адабияттын тематикалык пландары жылданжылга кеңейип отуруп, 1975-ж. андан коомдук жана табият таануу илимдери боюнча жалпы нускасы 52 миң 82 аталыштагы китеп жарык көргөн. "Илимде" 3 тармактык: коомдук илимдер; химия-технология жана биология; физика, техника жана математика редакциялары иштейт. Анын полиграфиялык базасы мен ...

                                               

Мейкиндик жана убакыт

Мейкиндик жана убакыт - материянын жашоосунун негизги формалары. Мейкиндик жана убакыт материясыз оз алдынча жашай албайт. Философторду Мейкиндик жана убакыт. реалдуу нерселерби же аң-сезимде гана жашаган абстрак- диябы деген маселе кызыктырып келген. Идеалисттер мейкиндик жана убакыттын объективдүү мүнөзүн танып, жеке адамдын аңсезимине көз каранды Берк­ли, Юм. Мах, сезимдик байкоонун априордуу формалары Кант, же абсолюттук духтун категориялары Гегель дешкен. Материализм Мейкиндик жана убакыттан тышкары реалдуулук болбойт деп, анын объективдүү мүнөзүн белгилейт. Мейкиндик жана убакыт мате ...

                                               

Аалам

Аалам – материянын өнүгүү процессинде чексиз, ар түрдүү форма алып, мейкиндик жана убакыт жагынан чектелбеген бүткүл дүйнө. Ааламды изилдөөгө бардык табият таануу илимдер катышып, космология илиминин негизин түзөт. Ааламдын азыр бизге дайын бөлүгүн астрономия изилдейт. Жер - Ааламдагы телолордун бири. Жерден башка планеталар бар экендиги, алардын баары биригип Күн системасын түзө тургандыгы белгилүү. Күн системасынын диаметри 10 млрд. км ге жакын. Бул аралыкты жарык нуру 10 саатта басып өтөт. 20-кылымдардан бери Күн системасын кошо камтыган Галактиканы изилдөө өрчүй баштады. Биздин Галакти ...

                                               

Геология

Геология – жер жана анын кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашуусу жөнүндөгү илимдердин комплекси. Геология эң байыртан, тоо-тек, минерал жана кен-таштар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар пайда болгондон эле белгилүү. Байыркы грек жана Рим илимпоздору жер титирөө, жанар тоолордун атылуу жана дарыя нуктарынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болушун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Геология илим катары туңгуч ирет орто кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни жана Ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. ...

                                               

Кадастр

Кадастр – – тийиштүү объектилер жана кубулуштар боюнча мезгил-мезгили менен же болбосо үзгүлтүксүз байкоонун негизинде ырааттуу чогултулган маалымат жыйнагы. Табият-ресурстук блокко тийиштүү Кадастрларда объектинин орду, физикалык-географиялык мүнөздөмөсү, классификациясы, изилдөө деңгээли, байкоонун узактыгы, динамикасы ж. б. боюнча маалыматтар камтылат. Мындай Кадастрдын негизги элементи катары карталар пайдаланылат. Бүгүнкү күндө Кадастрлардын көбүнүн маалымат базасы компьютердик каражаттарда түзүлөт. Табиятресурстук бөлүккө суу, климат, ландшафт, токой, геология, медициналык география, ...

                                               

Геокриология

Геокриология, тоң таануу – жер кыртышындагы тоң катмарынын түзүлүшүн, курамын, касиетин, пайда болуу себептерин, таралышын жана өөрчүү тарыхын, ошондой эле анын тоңуусуна жана эрүүсүнө байланыштуу процесстерди изилдөөчү илим. Геокриология геологиялык илимдерге кирет. Ал курулуш, транспорт, айыл чарба ж. б. багыттар боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу тоң процесстерине таасир этүү ыкмаларын иштеп чыгат. Ага байланыштуу Геокриологиянын эки багыты калыптанууда; жалпы жана инженердик Геокриология. Тоң таануу 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап геологиянын, географиянын, геофизиканын жана и ...

                                               

Гербарий

Гербарий – өсүмдүктөрдүн атайын жыйналып, кургатылган коллекциясы; кеңири мааниде кургатылган өсүмдүктөр сакталган мекеме. Ал илимий иштерде жана жогорку окуу жайларында, мектептерде көрсөтмө курал катары, ошондой эле ботаника, геоботаника, экология боюнча илимий-изилдөөдө кеңири пайдаланылат. Алгач Италияда 16-кылымда пайда болгон. Гербарий үчүн чөп өсүмдүктөр тамыры менен казылып, ал эми бадал, дарактардын гүлү же мөмөлөрү, бутагы жалбырагы менен кесилип алынат да, нымды жакшы соруучу эки барак кагаздын ортосуна жайып салынып, атайын кол папканын ичинде сакталат. Гербарийге өсүмдүк аты, ...

                                               

Тартылуу

Тартылуу, гравитациялык аракеттенишүү – материянын ар кандай түрлөрүнүн арасындагы универсалдуу өз ара аракеттенишүү. Эгерде нерселердин кыймылынын ылдамдыгы жарык ылдамдыгынан өтө кичине жана өз ара аракеттенишүүсү салыштырмалуу кичирээк болсо, анда Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону аткарылат. Тартылуу, жалпы учурда, Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы менен түшүндүрүлөт. Тартылуу теориясы күчтүү жана начар электр-магниттик өз ара аракеттенишүү теорияларынан бир топ айырмаланат. 1687-жылы И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун төмөнкүчө формулировкалаган, мында, M, m – матер ...

                                     

ⓘ Табият таануу

Табият таануу - – жаратылышта жандуу жана жансыздар, оошондой эле алардын байланышы жөнүндө баштапкы маалымат берүүчү окуу предмети. Бул предмет боюнча өткөрүлгөн сабактарда, практикалык иштерде окуучулар, өсүмдүк, жаныбарларды багуу, өздүк гигиена боюнча практикалык ыкмашыгуу элементтерине да ээ болушат. Табият таануу предмети көпчүлүк мамлекеттерде ХХ кылымдын башталышында мектептерге киргизилген. Прогрессивдүү педагогдор табият таануу предметинин окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө жана сүйлөй алуу жөндөмдүгүн өнүгүшүнө өзгөчө ролун белгилешкен. Ошону менен бирге айыл чарбачылыкты алып баруудагы элементардык билим берилген. Мына ушундай пикирди К. Д. Ушинский негиздеген. Андан кийин көрүнүктүү методисттер М. Н. Скаткин, А. А. Перроте, С. А. Павлович, Г. Е. Ковалева, Н. А. Рыков тарабынан негизделген.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →