Топ-100
Back

ⓘ Кыргыз тарыхы лексикалары - кытайлык тарыхчы А. Байтурдун китеби. Эмгек 1983-ж. Пекиндеги Борб. улуттар институтунун Кыргыз курсу үчүн окулган лекциялар жыйнагы ..



                                     

ⓘ Кыргыз тарыхы лексикалары

"Кыргыз тарыхы лексикалары" - кытайлык тарыхчы А. Байтурдун китеби. Эмгек 1983-ж. Пекиндеги Борб. улуттар институтунун Кыргыз курсу үчүн окулган лекциялар жыйнагынын биринчи бөлүгү болуп саналат. Мындагы тарыхый окуялар кыргыздар жана алардын эзелки ата-бабалары жашаган Орто Азия, Борбор Азия жана Түштүк Сибирдеги алгачкы жамааттык коомдон тартып, Чыгыш Түркстандын жаңы доорунун орчундуу мезгили - 1911-жылга чейинки доорду өзүнө камтыйт. Лекциялар жыйнагы он баптан турат. Эмгектин экинчи тароосунда кыргыздар тууралуу тарыхый санжыраларды жана уламыштарды өзгөчө бөлүп карайт. А. Байтур "Манас" менен "Семетейдин" бириктирилип 1958-ж. Фрунзеде жарыяланган китептерине шилтеме берет. Тарыхчылардын ичинен алгачкылардан болуп Жусуп Мамайдын нускасын булак катары пайдаланат. Кыргыздар менен кытайлардын жана кара кытайлардын тарыхый байланыштарын чагылдырууда эпосту пайдаланып, А. Байтур Алмамбет баатырдын Манаска жолукканга чейинки ысымы Сушуйа экенин белгилеп, бул каармандын прототиби катары канзаадасы Элли Тайши каралуусу мүмкүндүгү тууралуу божомол кылат. Алмамбет дал ушу Элли Тайшинин өзү болбосо да анын доорун чагылдырган эпостук каармандын образы экенин белгилейт. "Манас" эпосунун маалыматтары этнографиялык жагдайда өз орду менен пайдаланылган. Мисалы, кыргыздардын ошондой кылымдардагы кол өнөрчүлүгүнүн үлгүсү катары Манастын жоокердик курал-жарактары эскерилет.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →