Топ-100
Back

ⓘ Нарын, шаар. Нарын - Кыргызстандагы шаар, ошондой эле Нарын облусунун жана Нарын районунун акимий борбору Калкы - 38 800 адам 2017. Шаардын жалпы аянты - 40.5 к ..



                                               

Кочкор

Кочкор – бычылбаган эркек кой. Ал 4–5 айлыгында жетилет. Жетилгенде өзүнчө короого бөлүнүп, 7–8 жашка чейин куутка кошулат. Кочкор болуучу козуга кочкорок кезинен көз салып, анын породасына, кунардуулугуна, дене түзүлүшүнө ж. б. көңүл бурулат. Калтырылган Кочкор козу кочкор кезинде 50–100 кой куудурулуп, төл боюнча ага баа берилет. Колдон уруктандырууда бир Кочкордун уругу 200–500 койго жетет. Кочкордун рационунда протеин, витамин, минерал зат мол болууга тийиш. Кочкор - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бир чакан шаар, баштапкы сүрөтчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз музыка угу ...

                                               

Табиятты коргоо

Табиятты коргоо – антропогендик таасирден келип чыккан экологиялык терс кесепеттерди мүмкүн болушунча азайтууга багытталган эл аралык, мамлекеттик программалар жана конкреттүү долбоорлор аркылуу иш алып барган саясий, укуктук, административдик-чарбалык, инженердик ж. б. иш-чаралардын жыйындысы; жандуу жана жансыз табиятты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана калыбына келтирүү боюнча иш чара комплекси. Табиятты коргоо – айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр менен тыгыз байланышкан жаратылышты пайдалануунун курамдык бөлүгү. Ага биотүрдүүлүк, кен байлыктар, атмосферанын жана суунун тазалыгы ж. б. кирет. ...

                                               

Үй эмгеги

Үй эмгеги – үй чарбасында же үй чарбасы үчүн жасалган жумуш. Эл аралык эмгек уюмунун №189 Конвенциясынын "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" 4-беренесинде ЭЭУнун эң төмөнкү курак жөнүндө №138 конвенциясына жана ЭЭУнун балдар эмгегинин эң начар формалары жөнүндө №182 конвенциясына ылайык үй кызматкерлери үчүн эң төмөнкү курактык чекти белгилөө милдеттенмеси тууралуу айтылат. ЭЭУнун "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" конвенциянын кабыл алынышынын себептеринин бири - үй эмгегинин алигиче баркталбай, көз жаздымда калып, көбүнчө, кыз-келиндер тарабынан жасалып жаткандыгы. Бул ...

                                               

Үй-бүлө эмгеги

Үй-бүлө эмгеги – үй чарбасында же үй чарбасы үчүн жасалган жумуш. Эларалык эмгек уюмунун №189 Конвенциясынын "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" 4-беренесинде ЭЭУнун эң төмөнкү курак жөнүндө №138 конвенциясына жана ЭЭУнун балдар эмгегинин эң начар формалары жөнүндө №182 конвенциясына ылайык үй кызматкерлери үчүн эң төмөнкү курактык чекти белгилөө милдеттенмеси тууралуу айтылат. ЭЭУнун "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" конвенциянын кабыл алынышынын себептеринин бири - үй эмгегинин алигиче баркталбай, көз жаздымда калып, көбүнчө, кыз-келиндер тарабынан жасалып жаткандыгы. ...

Нарын (шаар)
                                     

ⓘ Нарын (шаар)

Нарын - Кыргызстандагы шаар, ошондой эле Нарын облусунун жана Нарын районунун акимий борбору

Калкы - 38 800 адам 2017. Шаардын жалпы аянты - 40.5 км².

                                     

1. Кыскача таржымакалы

Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

19-кылымда бул аймакта Kокондук чеп курулган.

1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.

                                     

2. Чарбасы. Өнөр жай ишканалары

Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар эт комбинаты, сүт комбинаты, электр тармагын тейлөө мекемелери бар.

Нарын шаарындагы "Жамал" торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Корея жана Орусиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы кеңештик технология менен жасалат.

                                     

3. Унаа

Нарын шаарынын негизги унаа каражаты - автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер жүрүп турат.

Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.

                                     

4. Маданият

Шаарда Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия Университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.

Нарын областтык музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.

                                     

5. Нарын шаарында таалим алган атактуу кишилер

Нарын шаарында мурдагы өлкө башчылары Аскар Акаев, Роза Отунбаева, эл акыны Эсенгул Ибраев, академик Үсөн Асанов, ж.б. таалим алышкан. Жумамүдүн Шералиев, Муратбек Рыскулбековдор Нарын шаарында жашап, эмгектенишкен

                                     

6. Кыскача адабият тизмеси

  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. - ISBN 9967-14-046-1.
  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. – Мында: 357-бетте. - ISBN 9967-14-016-X.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – Мында: 388-бетте. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – Б. 139. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: "Кыргызстан" басмасы, 1970. – 474 бет. –.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.

Салкын-тор

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →