Топ-100
Back

ⓘ Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк ” – кыргыз тарыхчылары археология сабагынан берген көрүнүктүү адис доцент, тарых илимдеринин кандидаты, Бейше Урст ..



                                               

Портал:Инсандар/Тандалган инсан

Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин - тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор. 1959-жылы 28-мартта Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы кыштагында туулган. Бир катар илимий монографиялардын анын ичинде Махмуд Кашгаринин өмүрү менен мурасына арналган эмгектердин, калемдешип жазылган" Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” 1990 китебинин), калемдешип жазылган окуу китептердин, окуу куралынын, жүздөгөн макалалардын, чакан юмордук китепченин автору. Илимий жана педагогдук эмгектери кыргыз жана орус тилдеринен башка англис, түрк, немис ж ...

                                               

Ядринцев, Николай

Николай Михайлович Ядринцев – Сибирди изилдеген археолог жана этнограф. 1865-ж. камалып, түрмөдө жана сүргүндө 9 жыл жүргөн. Алтайга, Миң-Суу өрөөнүнө жана Орхонго илимий экспедиция жасаган. Орду-Булактын, Каракорумдун ордун изилдеген, 1889-ж. Түндүк Моңголияда Кошо-Цайдам деген жерден Күл-Тегинге арналган эстеликти, 1891-ж. Көкшүн-Орхон деген жерден Элтерес ханга арналган Онгин эстелигин ачкан. Ядринцев жергиликтүү элдин турмушун жакшыртуу үчүн күрөшкөн. 1882-ж. ал Сибирди үйрөнүү боюнча алгачкы мезгилдүү басылманы –" Восточное образование” гезитин негиздеген. Маалымат булактары:" Кыргыз ...

                                     

ⓘ Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк

Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк ” – кыргыз тарыхчылары археология сабагынан берген көрүнүктүү адис доцент, тарых илимдеринин кандидаты, Бейше Урстанбеков жана анын шакирти, чыгыш таануучу аспирант, андан соң тарых илимдеринин кандидаты Тынчтыкбек Чороев айтылуу" горбачевдук маалымдуулук жылдары” калемдеш катары даярдап, 1989-жылдын акыркы айларында басмага тапшырып, кийинки жылы жарыялаган эмгек.

                                     

1. Мазмуну

Аны" Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы” коомчулукка илимий-жамаагаттык китеп жана мектепте тарыхты окууда колдонмо каражат катары сунуштаган. Китеп 1990-жылдын соңунда жарык көргөн бир катар макалалары ошол кездеги цензорлорду чочулаткан бул китепке расмий уруксат дароо берилбестен, аны басууга ошол жылы 11-ноябрда гана кол коюлган. Цензуралык тоскоолдуктарга байланыштуу бир катар макалалар китепке киргизилбей калса да, бул энциклопедиялык сөздүк ага чейин айтылбай же үстүрт эскерилип келген нечендеген тарыхый инсандар жана тарыхый окуялар тууралуу кеңири маалыматты камтыган. Эгерде расмий бийлик тарабынан жактырылган академиялык жалпылама эмгекте Фрунзе, 1984 Эне-Сай кыргыздарынын тарыхый баскычы жалпы кыргыз тарыхынан" жерилип”, четтетилсе, ал эми бул жыйнакта кыргыз тарыхы кеңири тарыхый мейкиндикте бири-бирине тыгыз жуурулуштурулуп чагылдырылган.

Жусуп Абдрахманов, Абдылда Бек Алымбек датка уулу, Барс-Бег, Анвар Байтур, Жусуп Баласагуни, Курманжан Датка, Махмуд Кашгари, Модэ-шанүй, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Мухаммед Кыргыз, Осмонаалы Сыдык уулу, ПулатПолот хан, Рахманкул хан, Касым Тыныстанов сыяктуу тарыхый инсандар жөнүндө бул энциклопедиялык басылмада жаңыча маалыматтар сунушталган. Айрым тарыхый инсандар кыргыз тарыхнаамасында алгачкы ирет ушул энциклопедиялык жалпылама чыгармада эскерилген. Мурдагы тарыхый китептерде айрыкча сөз кылынбай келген бир катар тарыхый учурлар, доорлор жана коомдук жараяндар, маданий өнүгүү баскычтары, реалийлер өзүнчө макала алкагында эскерилген Маселен," Кыргыздын ай аттары”," Кыргыздын жыл аттары”," Кыргыз жазмасы”," Кыргыз кагандыгы”," Мыкан суусунун боюндагы салгылашуу”;" Тибет-кыргыз алакалары”," Үркүн”," Фу-Йү кыргыздары”," Ысык-Көл шеринеси”, ж.б. Совет доорунун айрым баскычтарына сын көз менен караган" Сенек жылдар” сыяктуу макалалар киргизилген. Китептин соңундагы тиркемеде хронологиялык жадыбал, жаңы колдонулган айрым сөздөрдүн тизмеси, илимий жана көркөм адабият тизмеси, терминдердин орусча-кыргызча көрсөткүчү, айрым чыгыш мусулман даректеринен хрестоматиялык котормолордун үзүндүлөрү киргизилген.

                                     

2. Шилтеме

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.
  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →