Топ-100
Back

ⓘ Капчыгай – тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн; негизинен тоолуу аймакта чулу тоо тектүү жерлерди суу жеп кетишинен пайда болот. Тереңдиги 1 кмге чейин ..



                                               

Өпкө-Тоо

Өпкө-Тоо - Алай жана Кичи Алай тоолорунун ашташкан жеринде. Мурдаш жана Гүлчө өрөөндөрүнүн ортосунан орун алган. Эң бийик жери 3800 м. Кырына альп рельефи мүнөздүү. Капталдары терең капчыгай, коктуколоттуу. Чыгыш капталы тик, батышы жантайыңкы. Байыркы муз каптоонун издери кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ, сланец, гранит жана мрамор тектеринен турат. Түндүк бөлүгүндө чакан мөңгүлөр кездешет. Өпкө-Тоо Гүлчө жана Алай өрөөндөрүнүн аралыгындагы маанилүү климаттык тоскоол. Ак-Төр-Жошолу, Бүлөлү жана Өпкө-Талдык багыттары нымдуу аба массасына айдарым жаткандыктан, жаан-чачын арбын, ал эми ...

                                               

Дөдөмөл-Ак-Шыйрак капчыгайы

Дөдөмөл-ак-шыйрак капчыгайы Ички Теңир-Тоодогу Дөдөмөл жана Ак-Шыйрак тоолорун Нарын дарыясын кесип өткөн жерде. Тогуз-Торо жана Ак -Талаа райондорунун аймагында. Узундугу Ала-Буканын чатынан Кара-Кайыңдын чатына чейин 50 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800–2200 м, капчыгайды чектеген тоолордун абсолюттук бийиктиги 3600–4000 м. Ак-Шыйрак кырка тоосунун Түндүк капталынан Кызыл-Жар тоосун көздөй созулган тектоникалык жарака тоонун түзүлүшүн экиге бөлөт. Жараканын Түндүк бөлүгү капчыгайдын сол капталын түзөт. Ала-Букадан төмөн 20 км аралыкта туурасы 1 кмден 20–25 мге чейин кууш тартат. Төртү ...

                                               

Климатты калыптандыруучу негизги факторлор

Климатты калыптандыруучу негизги факторлордун бири - Жер бетине тийген күн нуру. Күн нурунун өлчөмү боюнча Кыргызстан бекеринен "күнөстүү" деп аталбайт. Күн тийип турган мезгилдин орточо жылдык саны республика боюнча 2500 - 2750 сааттардын арасында термелет. Горизонттору ачык эмес капчыгай өрөөндөрдө гана күн тийген мезгилдин узактыгы 1700 - 1800 саатка барабар. Ал көрсөткүчтүн максималдуу мааниси Жогорку Нарын өрөөнүнүн Каракол станциясында 2965 саат. Күн тийген мезгилдин узактыгы боюнча Кыргызстандын аймагы Ташкент, Байрам-Али ж. б. Орто Азиянын түздүктөрүндөгү аймактардан калышпайт. Жыл ...

                                               

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыш (2021)

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыш - 2021-жылдын 28-апрелинен - 1-майга чейин чек аралаш аймактарда катталган, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон Кыргыз жарандары камераларды алып салууну талап кылган, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан. Маалыматтарга ылайык, ок атышуунун натыйжасынан Кыргыз Республикасынан 189 адам жабыркап, ...

Капчыгай
                                     

ⓘ Капчыгай

Капчыгай – тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн; негизинен тоолуу аймакта чулу тоо тектүү жерлерди суу жеп кетишинен пайда болот. Тереңдиги 1 кмге чейин жана андан да ашык болот. Тектониалыкык жаракалардан да жаралышы ыктымал.

Кыргызстандагы ири капчыгайлар: Боом, Көкөмерен, Төмөнкү Нарын, Карабалта ж. б. Айрым капчыгайларга ири ГЭСтер курулган; мис., Төмөнкү Нарында ж. б. Өтө кууш жана тереңдери шаңшаар деп аталат. Рельефтин мындай формаларына байланыштуу пайда болгон топонимдер Кыргызстандын аймагында арбын кездешет.

Ички Тянь-Шаньда субмеридиан багытта жайгашкан антецеденттик капчыгай. Жумгал менен Суусамыр тоолорун бөлүп турат. Суусамыр жана Жумгал өрөөндөрүн байланыштырат.

  • Капталынын бийиктиги 600 - 1450м, тиктиги 30 - 75°, кээде 80 - 85°. Баш жагында Сандык-Кишиней капчыгайы капталы 40 - 45° бар.
  • Узундугу 46 км, туурасы 40 - 120 л структуралык чуңкурларда 200л.
  • Бул жерге тосмо куруу долбоорлонгон. Андан ылдый кэненирээк Ой-Кайынды он бети 38 - 40°, андан кийин шагыл-корум бар.
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →