Топ-100
Back

ⓘ Кыргызстандын Конституциясы, расмий түрүндө - Кыргыз Республикасынын Конституциясы - Кыргызстандын башкы мыйзамы. Азыркы учурдагы иштеп жаткан конституция 2021- ..



                                               

Кыргызстандагы Убактылуу өкмөт

Кыргызстандагы убактылуу өкмөт - 7-апрель 2010-жылдагы элдик револиюциянын негизинде Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийликти өз колуна алган убактылуу орган. 11-апрелде "Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн № 1 декрети" жарыяланып, анда "Өзүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн алып жүрүүчүсүнүн жана мамлекеттик бийлигинин бирден бир булагынын ыйык укугунан пайдаланып, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Кыргызстандын эли К. С. Бакиевдин элге каршы режимин кулатты. Элдин эркин билдирүүсүнүн натыйжасында мамлекеттик бийлик Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өткөнүн" эскертип, ...

                                               

Кыргыз Республикасынын гендердик мыйзамдары

КРнын гендердик мыйзамдары – гендердик саясатты жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салган принциптерди белгилеген ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; КРнын Конституциясынын ченемдери, эларалык конвенциялар, гендердик теңчилик маселелери боюнча атайын мыйзамдар, ошондой эле тармактык ченемдик укуктук актылардагы гендердик жактан маанилүү ченемдер. Адам укуктарынын жалпы декларациясындагы негизги принциптер КРнын Конституциясында толук чагылдырылган. КРнын Конституциясынын 1-беренесинде Кыргызстан негизги белгилери менен коштолгон дин аралашпаган социалдык мамлекет деп айтылат. КРнын Конституци ...

                                               

"155" улуттук кампаниясы

"155" улуттук кампаниясы – жазык мыйзамдарына сунуштарды киргизүү, кыздарды ала качкан күнөөкөрлөрдүн үстүнөн жүргүзүлгөн сот процесстерине колдоо көрсөтүү, кеңири маалыматтык кампанияларды өткөрүү аркылуу Кыргызстандагы аялдарды ала качуу жосундарын түп-тамырынан жоюуну көздөгөн аялдардын кыймылынын активисттеринин жарандык демилгеси. "155" кампаниясы жарандык тармактын өкүлдөрүн, ушул маселеге кайдыгер карабаган республиканын бардык чөлкөмдөрүндөгү жарандардын башын бириктирди. КРнын Конституциясынын 6-беренесине ылайык "бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу мак ...

Кыргызстандын Конституциясы
                                     

ⓘ Кыргызстандын Конституциясы

Кыргызстандын Конституциясы, расмий түрүндө - Кыргыз Республикасынын Конституциясы - Кыргызстандын башкы мыйзамы. Азыркы учурдагы иштеп жаткан конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган.

                                     

1. Кыргыз АССРинин 1929-жылкы Конституциясы

30-апрель 1929-жылы Экинчи Бүткүлкыргыз Кеңештер съезди Конституция долбоорунун акыркы редакциясын карап чыгып аны бекиткен. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясы ОСФСР Конституциясынын негизинде кабыл алынган. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясына чейин кыргыз тарыхында бир да конституция болгон эмес.

                                     

2. Кыргыз Республикасынын 1993-жылкы Конституциясы

5-май 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – "легендардуу парламенттин" 12-сессиясында Кыргызстан Конституциясын кабыл алган. "Легендардуу парламенттин" курамы 1990-жылдагы биринчи альтернативдик шайлоодо түзүлгөн. Бул парламент КР мамлекеттик көзкарандысыздыгына саясий жана укуктук негиздерди жана демократиялык коомду куруу жана эркин базар саясатын уюштурууну түзгөн бийлик органы катары тарыхта калган. "Легендардуу парламент" тарабынан кабыл алынган тарыхый актылар:

- Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө Декларация 15-декабрь 1990-жыл;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация 31-август 1991-жыл;

- Көзкарандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясы 5-май 1993-жыл;

                                     

3. Кыргыз Республикасынын 2010-жылкы Конституциясы

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияда республиканын башкаруу формасы жазылган эмес. Расмий булактарда парламенттик башкаруу формасы тууралу айтылган. Де-факто башкаруу формасы - парламенттик-президенттик аралаш болгон.

2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25-жыл болгонуна арналган парадындагы Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн:

- А. Ш. Атамбаев

Бул конституция 2021-жылдын 5-майына чейин иштеген.

                                     

4. Адабият

  • Judith Beyer, Rhetoric of ‘Transformation’: The Case of the Kyrgyz Constitutional Reform, in: Andrea Berg, Anna Kreikemeyer eds., Realities of Transformation. Democratisation Policies in Central Asia Revisited, Baden-Baden 2006, p. 43 et seq
  • Расов С. Конституция Кыргызстана: плюсы и минусы, 2010
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →