Топ-100
Back

ⓘ Кыргызстан Демократиялык Кыймылы, Кыргызстан Демократиялык кыймылы - Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө ү ..



                                     

ⓘ Кыргызстан Демократиялык Кыймылы

Кыргызстан Демократиялык Кыймылы, "Кыргызстан" Демократиялык кыймылы - Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири анти-коммунисттик бирикме.

                                     

1. Кыскача тарыхы

Ал 1990-жылы 25-26-майда Кыргызстандын борбору Фрунзе азыркы Бишкек шаарында уюшулган.

КДКга Кыргызстандагы расмий коммунисттик саясатка каршы чыккан бир катар саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар жана айрым демократиялык маанайдагы интеллектуалдар мүчө болгон.

Ал уюмдардын арасында "Ашар" козголушу, үй куруучулар кыймылы,"Асаба" саясий кыймылы "Асаба" партиясы кийинчерээк ошонун негизинде кайра уюшулган, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты, жана башка уюмдар болгон. 1990-жылы апрелде негизделген "Асаба" кыймылын ал кезде Кадыралы Матказиев жетектеген.

Кийинчерээк республикада пайда болгон саясий партиялардын көпчүлүгү ушул КДКнын ичинен калыптанышып, бөлүнүп чыккан. КДКдан биринчи болуп 1991-ж. февралда "Эркин Кыргызстан", 1991-ж. ноябрда "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиялары бөлүнүп чыккан.

КПСС бийликтеги жалгыз партия катары жашап турган мезгилде бул оппозициядагы партияларга жана саясий уюмдарга карата расмий мамиле начар болгон. Алар "бейформал" уюмдар делип аталып, жетекчилери массалык маалымдоо каражаттары тарбынан "эл бузаарлар" катары күнөөлөнүп, куугунтукка алынган. Бул абал КПСС таркатылып, СССР кулаганга чейин созулган.

Кийинчерээк КДКнын курамынан "Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылы" жетекчиси - Турсунбек Акун сыяктуу коомдук уюмдар да бөлүнүп чыккан.

1993-жылы мурдагы КДКнын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү КДК партиясын негиздешкен бул жаңы партиянын лидери болуп Жыпар Жекше шайланган.

                                     

2. Кыскача адабият тизмеси

  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин // Кыргызстан: Энциклопедия. – Бишкек, 2001.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин: Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – ISBN 9967-00-001-5. – 160 б.
  • Жекшеев Жыпар. Атуулдук биримдикке чакырам. - Бишкек, 2003. - 112 6. - ISBN 9967-20-870-8.
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →