Топ-100
Back

ⓘ Англия - Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын административдик-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу. Аянты – 133.395 миң чарчы км. Калкы – 50.7629 млн. Калк жышты ..



                                               

Англикан чиркөөсү

Англикан чиркөөсү - 16-кылымда пайда болгон протестанттык чиркөө; Улуу Британиядагы мамлекеттик чиркөө. Чиркөөнүн пайда болушуна Рим папасы Климент VII жана англия королу Генрих VIIIнин ортосундагы келишпестиктер негизги себеп болгон. 1527-жылы Генрихтин чиркөөдөн бөлүнүү тууралуу сунушун Рим Папасы четке каккан соң, ага жооп иретинде Англия чиркөөсүнүн Римге баш ийбөөсү тууралуу жарыялаган. Ошол күндөн баштап Англикан чиркөөсүнүн башчысы катары англия монархы эсептелет. Бирок негизинен монарх тарабынан дайындалган жогорку иерарх-архиепископ Кентерберийский иш жүргүзөт. Протестантизмдин ба ...

                                               

8 Январь

1851 - Физик Жан Бернар Леон Фуко Жер шары айланып турарын тастыктаган. 1815 - Англия менен Американын акыркы салгылашы болгон.

                                               

Би-Би-Си

Британ көп тармактуу корпорациясы, кыск. "Би-би-си" - радио комплекс-, интернет- жана Улуу Британия телеберүүсү. Бүткүл дүйнөлүк Би-би-си кызматы жүргүзгөн ички жана сырткы Интернет-, радио- жана телеберүү медиакорпорациясы. Корпорация мамлекеттик эмес ММК болуп саналат. Көзөмөлдү атайын уюшулган коомдук кеңеш жүргүзүп турат, Кеңеш англия канышасы тарабынан тандалган жана дайындалган 12 адамдан турат.

                                               

Златан Ибрагимович

Златан Ибрагимович - Босния жана Герцеговиналык швед футболисти. Англия Премьер-Лигасындагы "Манчестер Юнайтед" командасында ойноп жатат. Евро-2016дан кийин Швед улуттук футбол курамасында ойноону токтоткон.

                                               

Жон Дигвид

Жон Дигвид - Гастингсте туулган англиялык дижей, музыкалык продюсер жана актер. DJ Magazine журналы боюна Дигвид 2001-жылы көпчүлүктүн добушу менен №1 DJ - дүйнөдөгү эң мыкты дижейи болгон.

                                               

Лэмпард, Фрэнк

Фрэ́нк Дже́ймс Лэ́мпард - англиялык футболист, жарым коргоочу.Англиялык "Челси" клубунун оюнчусу. Өзүнүн алыскы аралыктан соккуулары жана жарым коргоочулук милдетти өтөп жүрүп көп гол жарата алгандыгы менен белгилүү. Лемпард футболдук карьерасын, өзүнүн атасы катары эле "Вест Хэм Юнайтед" командасында баштаган. 1997/98 ж футболдук сезондо "Вест Хэм Юнайтедтин" башкы курамында туруктуу оюн көрсөтө баштайт, ошол эле сезондо командасынын Англия Премьер Лигасында бешинчи орун алышына чоң салым кошкон. 2001-жылы 11 млн фунтка Лондондук "Челси" клубунун катарын толуктайт. "Челси" футбол клубунун ...

Англия
                                     

ⓘ Англия

Англия - Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын административдик-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу. Аянты – 133.395 миң чарчы км. Калкы – 50.7629 млн. Калк жыштыгы – 395 киши. Улуу Британиянын аянтынын 54%, калкынын 83% Англияга туура келет. Борбору – Лондон. Урааны - Dieu et mon droit / Кудай жана менин укугум. Тили – англис. Мамлекеттик дини – англикан чиркөөсү.

                                     

1. Аталышы

"Англия" деген ат көп учурда Улуу Британия мамлекетин билдирет. Кээде Англия деп Улуу Британияны жана Түндүк Ирландияны да аташат. Англия 5, 6-кылымдарда Британиянын аймагына көчүп келген герман уруусу англдардын атынан аталып калган.

                                     

2. Тарыхы

927-жылы негизделген. Уэссекс Королдугунун негизинде түзүлүп 519-917-жж., кийин Улуу Британия Королдугуна негиз болду 30 апрель 1707 жыл – 1 январь 1801 ж.

                                     

3. Географиясы

Улуу Британия аралынын чоң бөлүгүн ээлейт. Түндүктө - Шотландия, батышта – Ирландия менен чектеш. Ири шаарлары: Лондон, Бирмингем, Лидс, Шеффилд, Ливерпул, Манчестер. Борбор шаары - Лондон

                                     

4. Экономикасы

Акча бирдиги - фунт стерлинг. Улуу Британиядагы казылып алынган темир жана көмүр кенинин дээрлик баары Англиядан чыгат. Машина куруу, химия, тамак-аш, кара металлургия, оор машина Шеффилд, Дерби, кеме Ньюкасл, Мидлсборо куруу, болот эритүү, металл иштетүү Бирмингем, көмүр казып алуу, кездеме токуу Брадфорд, Лидс ж.б. өнөр жай тармактары өнүккөн. Айдоо аянттарында буудай, арпа, кант кызылчасы өстүрүлөт. Уй, кой, үй куштары багылат. Транспорттун бардык түрү өнүккөн. Ири порттору: Лондон, Ливерпул, Манчестер, Саутхемптон, Халл, Бристол ж.б.

                                     

5. Административдик түзүлүшү

Англия административдик-аймактык жактан 46 графтыкка жана Чоң Лондонго бөлүнөт.

Маалымат булактары:

  • Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 2006. 393, 394-бб.
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →