Топ-100
Back

ⓘ Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы, КРСУ. Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы - эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-жылы Кыргыз ..



                                     

ⓘ Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы (КРСУ)

Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы - эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын ортосундагы кызматташтык жана эки тараптуу достук, жардамдашуу келишиминин негизинде түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашууга ылайык университет жана эки мамлекеттик ортосундагы мамлекеттик жогорку окуу жай – Орусия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекет жогорку окуу жайы. Окуу пландары эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын мамлекеттик үлгүсүндөгү диплом ыйгарылат. Университетте табигый-техникалык, экономикалык, юридикалык, эл аралык мамиле, курулуш дизайны жана архитектура факультеттери иштейт. 2004-жылы Б. Н. Ельциндин ысмы берилген. Окуу пландары эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын жана РФтин мамлекеттик диплому ыйгарылат. 8 факультет, 80 кафедра, 6 илимий-изилдөө институту, 15 илимий жана билим берүү борбору, 4 лаборатория, медициналык борбор, 25 эстетикалык тарбиялоо студиялары, галерея, музей ж. б. бар. Окуу бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Структуралык бөлүмдөрүнүн башкаруу системасына шартталган негизги белгиси алардын ишке ашыруучу окуу программалардын мазмунуна, максаттарына дал келүүчүлүгү болуп саналат. Билим берүү программасын модернизациялоо иштеринде, жогорку окуу жайларда окуу процессин методикалык жактан камсыз кылууну өнүктүрүүдө активдүү катышат. Текшерүү комиссиясы эки тараптан тең дайындалып, берилүүчү диплом эки мамлекет үчүн жарактуу болуп эсептелет. Университеттин уюштуруучусу жана ректору техника илимдеринин доктору, академик профессор В. И. Нифадьев.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003." Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”" И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов төрага Т.Н. Өмүрбеков.

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →