Топ-100
Back

ⓘ Кельтеминар маданияты – Аму-Дарыянын сол жээгинде, Зеравшан жана Сыр-Дарыянын төмөнкү бөлүгүндө, АмуДарыя жана Сыр-Дарыянын ортосундагы неолит дооруна таандык а ..



Кельтеминар маданияты
                                     

ⓘ Кельтеминар маданияты

Кельтеминар маданияты – Аму-Дарыянын сол жээгинде, Зеравшан жана Сыр-Дарыянын төмөнкү бөлүгүндө, АмуДарыя жана Сыр-Дарыянын ортосундагы неолит дооруна таандык археологиялык маданият.1946-жылы археолог С. П. Толстов изилдеген. Каракалпакстандагы Кельтеминар каналынын атынан аталган. Казуу учурунда балыкчылар менен аңчылардын журту, оттук таш өндүрүүчү шахтанын орду, таш иштетүүчү устаканалар, таш жана сөөк куралдар, чопо идиштер табылган. Кельтеминар маданияты үч этапка бөлүнөт. Дарыя-Сай этабы Төмөнкү Зеравшандагы Лявлякан көлүнүн аймагындагы эстеликтерди камтыйт. Жанбасс этабынан локалдык топтор же өзүнчө маданияттар бөлүнүп чыккан. Бул этапка Акча-Дарыя районунан табылган чарчы жана сегиз бурчтуу жертөлөлөр, кыргычтар, жаа учтары жана башка таандык. Соңку неолит этабында Аму-Дарыянын Сары-Камыш дельтасынын аймактарында Тумеккичижик көрүстөнүнөн башы түндүк-чыгышты каратылып, чалкасынан жаткырылган 27 маркумдун сөөгү, жанынан сөөк шурулар, камандын тишинен жасалган илмектер, оттук таштан жасалган буюмдар табылган. Четтери тегеректелип тосулган. Көмүлгөндөрдүн бир бөлүгү инди-жер ортолук деңиз расасынын жер ортолук деңиздик түштүк-чыгыш тибине таандык, башкалары европеоиддин Түндүк тибине жакыныраак. Негизги чарбасы – балык уулоочулук, аңчылык, жыйноочулук, кийинчерээк мал чарбачылык, дыйканчылык пайда болгон. Кельтеминар маданияты жергиликтүү мезолит маданиятынын негизинде түзүлгөн. Кельтеминар маданиятынын салттары коло доорунун заманбабин маданиятында сакталган; анын өкүлдөрү Зеравшандын төмөн жагындагы малчылар жана дыйкандар.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →