Топ-100
Back

ⓘ Өрөөн - агын суулар жууп, жеп кетишинен пайда болгон рельефтин оёң формасы. Өрөөндүн алгачкы формалары коо-колот, аң ж. б. мезгилдүү агын суулардын аракетинен ж ..



                                               

Өрөөн мөңгүсү

Өрөөн мөңгүсү - жер бетининшартына ылайыкталган тоо мөңгүлөрүнүн бир түрү; төрлөрдө жайгашат. Өрөөн мөңгүсүнүн морфологиясы менен жылмышуу багыты тоо өрөөнүнүн түзүлүшүнө толук баш ийет. Өрөөн мөңгүсүнүн төр жак бөлүгү толукталуу же фирн аймагы, таманы абляция эрүү аймагы делип ажыратылат. Бул эки бөлүктүн чеги кар чеги аркылуу өтөт. Кээде абляция бөлүгү мөңгүнүн тили деп аталат. Өрөөн мөңгүсү тармактанган татаал, арта салынма жанa жөнөкөй мөңгүлөр болуп бөлүнөт. Көп төрдөн агып чыккан муз улам кошулуп, бир чоң мөңгүнү түзсө - тармактанган дендриттүү, бир нече төрдүн музунан түзүлсө - тата ...

                                               

Антецеденттик өрөөн

Антецеденттик өрөөн – кырка тоону же дөңсөөнү туурасынан кесип өткөн терең жана кууш дарыя өрөөнү же өткөөл капчыгай. Кыргызстанда антецеденттик өрөөндөргө Боом, Сөөк, Үч-Кошкон жана башка капчыгайлар кирет.

                                               

Улакол-Семизбел өрөөнү

Улакол-Семизбел өрөөнү – Ички Теңиртоодогу өрөөн. Тескей Алатоонун түн. тармактары - Тегерек, Кыргоожунай, Каракүнгөй, Борке тоолору м-н курчалган. Кеңдик багытында 34 кмге созулуп жатат; туурасы 4 км. Деңиз деңг. Бийикт. 2100–2700 м. Өрөөндү курчаган тоолордун анын таманынан салыштырмалуу бийикт. 600–1200 м. Таманы чыгыштан батышка карай бийиктейт орт. Бийикт. 2400 м. Төртүнчүлүк мезгилдин чопо, кум, шагылдары м-н толгон. Курчаган тоо капталдары төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит, диорит интрузия тектеринен турат. Климаты кургак, мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы - 5°С, ...

                                               

Жаман-Суу мөңгүлөрү

Жаман-Суу мөңгүлөрү – Борбордук Теңир-Тоодогу Май-Баш кырка тоосунун ачасында жайгашкан эки ири мөңгү. Сары-Жаз дарыясынын сол куймасы Жаман-Суунун башында. Түндүк Жаман-Суу мөңгүсүнүн узундугу 5.3 км, аянты 4.8 км 2. Төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5100 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4150 м. Абляциясынын аянты 2.1 км 2. Түштүк Жаман-Суу мөңгүсүнүн узундугу 5.0 км, аянты 4.6 км 2. Өрөөн тибиндеги мөңгү.

                                               

Нимранг

Нимранг - кеч бышуучу жүзүм сорту. Сабагы жоон чыгат. Жалбырагы мала жашыл, жылмакай. Шицгиха чоң. Мөмөсү ири, сүйрү, кыйгыл дамдуу. Түшүмү орточо; жакшы тандашканда мол түшүм алынат. Нимранг Кыргызстанда жүзүмчүлүк зонасында өрөөн менен тоо этегинде өстүрүлөт.

                                               

Мүйүз баш

Мүйүз баш - өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумундагы уруусу. Бийиктиги 10 смге жеткен бир жылдык чөп. Тамыр моюнчасы- 15 м өскөн жалбырактары манжа сы­пал бөлүктүү, гүлдөрү жалгыздан, сары. Чөйчөкчө жалбыракчалары иштен, желекчелери үч же төрттөн Европада жанa Азияда 7 түрү кездешет. Кыргызстанда өскөн түз мүйүз баш - бир жылдык эфемер. Алар аңыз, жайыт, таштак жер өрөөн жанa тоо этегинде өсөт.

                                               

Жергиликтүү шамал

Жергиликтүү шамал – чектелүү бир аймакка мүнөздүү шамал; ал аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болуп, тез-тез кайталанып, өзгөчө мүнөздөгү аба ырайын пайда кылат. Жергиликтүү шамал атмосферанын жергиликтүү циркуляциясынан же атмосферанын жалпы циркуляциясынын өзгөрүүсүнөн пайда болушу мүмкүн.

                                               

Ак-Сай мөңгүлөрү

Ак-Сай мөңгүлөрү - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк тармагы-Аюу-Төрдүн батыш капталындагы жанаша жаткан 2 мөңгү. Ала-Арча суусунун алабынан орун алган. Өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. Чыгыш Ак-Сай мөңгүсүнүн узундугу 6.2 км, аянты 4.1 км 2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4870 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4120 м. Батыш Ак-Сай мөңгүсүнүн узундугу 6.4 км, аянты 4.4 км 2. Деңиз деңгээлинен эң бийик жаткан жери 4840 м, этеги 3220 м. Кар чегинин бийиктиги 4120 м. Мөңгүлөр акырындап чегинүүдө. Этек мореналары даана байкалат. Алардан Ак-Сай суусу башталып, Ала-Арчага оң тар ...

                                               

Каптал

Каптал, тоо капталы – кургактыктагы, ошондой эле, океан, деңиз түптөрүндөгү тоолордун, дөңсөөлөрдүн капталдары, материктик каптал, ички жана сырткы күчтөрдүн натыйжасында пайда болгон жантайыңкы жер, бет. Капталдын турпаты ал жерди түзүп жаткан тоо тектердин курамына жана түзүлүшүнө, абс. жана салыштырмалуу бийиктигине, Каптал процесстеринин ургаалдуулугуна, климат, өсүмдүк жана башка табигый чөйрөнүн компоненттеринин өзгөчөлүктөрүнө, Каптал экспозицияларына байланыштуу болот. Каптал түз, дөмпөйгөн, кайкылуу, татаал түзүлүштүү, тепкичтүү түрлөрү бар. Капталдын формасынын түрү аны түзүп тур ...

                                               

Май баш

Май баш - Борбордук Тянь-Шаньдагы тоо. Палеозойдун башталышында пайда болгон мрамор, аки таш теги, сланец, кумдук жана гранитоид тоо тектери чыгып жатат. Май башка токойлуу бийик тоо ташы 2800 - 3000 м, шалбаалуу бийик тоо талаасы жана субальп 3200 - 3400 м, альп шалбаасы 3400 - 3700 м жана гляциалдык-ниваждык 3700 лгден жогору ландшафт ахкактары мүнөздүү. Туурасы чыгышында 3 - 4 км, батышында 14 км. Орт. бийикт. 4360 м, эң бийик чокусу 5361 м батышында. Мөңгү 13.11 км2 аянтты ээлейт батыш бөлүгү мөңгү менен текши капталган. Түн. капталында Айран-Суу, Сары-Тер, Караганды. Жамая-Суу деген ө ...

Өрөөн
                                     

ⓘ Өрөөн

Өрөөн - агын суулар жууп, жеп кетишинен пайда болгон рельефтин оёң формасы.

Өрөөндүн алгачкы формалары коо-колот, аң ж. б. мезгилдүү агын суулардын аракетинен жаралат. Мындай формалар суунун жемиришинен биригип, көл дарыяларга куймайынча чоңоё берет. Өрөөндүн чулу тоо тектерден турган капталдары бийик же жапыз, тик же жаңтайыңкы; туурасынан профили - кайкы, түз, томпок же тепкичтүү тектирлүү болот. Өрөөндүн туурасынан кесилген профили өөрчүү стадиясына, геол. түзулүшүнө, экзогендик күчтөргө ж. б. факторлорго байланыштуу каньон, капчыгай. V жанa U, трапеция, тепши түрлөрүндө болот. Төмөн ийилген геол. структураларда грабенде, синклиналь кайкыларында пайда болгон оёң жерлер тектоникалык Өрөөндөр деп аталат, мис., мындай Өрөөндөргө Кыргызстан- дагы Алай, Арпа ж. б., Түн. Америкадагы Калифорния Өрөөндөрү кирет.

Кырка тоолордун жанa пласттардын багытына жараша жатса, узунунан кеткен Өрөөн бүктөлүү огуна перпендикуляр жайгашса, туу­расынан кеткен Өрөөн деп аталат. Узунунан кеткен Өрөөндөр жазы келип, морфологиялык жактан анча өзгөрбөйт. Туурасынан кеткен Өрөөндөрдө, тескерисинче, кууш капчытайлар жана ойдуң сымал жайык жерлер көп. Тоону туурасынан кесип өткөн Өрөөн өтмө өрөөн деп аталат.

Өрөөн морфол. жактан тоо Өрөөнү жанa түздүк Өрөөнү болуп бөлүнөт. Too Өрөөндөр терең, тар, капталдары тик, түздүк Өрөөндөр жазы, анча терең змее, капталдары жантайыңкы болот. Ири дарыя Өрөөндөрү өзгөчө ландшафтка ээ. Жайылмалары чабынды, тектирлери айдоо аянты жанa калк отурукташуу үчүн пайдаланылат.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
                                               

Ак-Өгүз мөңгүсү

Ак-Өгүз мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталынан башталган Жаңгарт суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 7.4 км, аянты 20.1 км 2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943-62-ж. 500 мге чегинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →