Топ-100
Back

ⓘ Топурак таануу - топурак, анын курамы, касиеттери, түпкү теги, өнүгүшү, жайгашуусу жана рационалдуу пайдаланылышы жөнүндөгү илим. Топуракты табигый нерсе, өндүр ..



                                               

Топурак морфологиясы

Топурак морфологиясы - топурак таануу илиминин топурактын ички генетикалык касиетин, мурунку жана азыркы нроцесстерин, түзүлүү шартын сырткы белгилери аркылуу изилдөөчү тармагы. Жаратылышта топурактын көп түрдүү морфологиялык касиети байкалат. Негизги морфологиялык белгилерине топурактын түсү, түзүлүшү, структурасы, жаңыча пайда болуу формасы, топурактын жалпы жана айрым генетика катмарларынын калыңдыгы, катмарлардын бири бирине өтүүдөгү белгилери кирет. Топурак морфологиясынын топурактын түпкү тегин, күрдүүлүгүн, тибин ж. б. касиетин аныктоодо илимий мааниси зор. Ошондой эле топурактын ге ...

Топурак таануу
                                     

ⓘ Топурак таануу

Топурак таануу - топурак, анын курамы, касиеттери, түпкү теги, өнүгүшү, жайгашуусу жана рационалдуу пайдаланылышы жөнүндөгү илим.

Топуракты табигый нерсе, өндүрүш каражаты жана эмгек заты катары изилдейт. Негизги бөлүмдөрү: топурак генезиси, геохимиясы, топурактын физ., коллоид, биол. химиясы, физикасы, гидрологиясы, географиясы, картографиясы.

Топурак 18-кылымдын аягында Германияда изилдене баштап, өсүмдүктүн чиринди гумус менен азыктанышы жөнүндөгу теория пайда болгон. 19-кылымдын 40-жылдарында аны агрогеол. багыт алмаштырган. Бул багыт топуракты геол. түзүлүш катары гана карап, андагы биол. процесстерди эске алган эмес.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →