Топ-100
Back

ⓘ Сары суу - 1 кар суусу - кыш бою топтолгон кардын эриген суусу; мөңгү менен кошо Кыргызстандагы агын суулардын негизги булагы болуп саналат. Жаз-жай мезгилдерин ..



                                               

Сары кычы

Сары кычы. Латынча аталышы - - кайчылаш гүлдүүлөр тукумундагы эки же кѳп жылдык өсүмдүк. Гүлү сары, уругу кыгакта. 20ча түрү Түндүк жарым шарда белгилүү. Көп таралганы - кадимки кычы жана дого сымал кычы. Талаада, огороддо, бакчада, шалбаада, жол боюнда жана суу жээгинде отоо чөп катары өсөт. Уругу коркунучтуу. Сары кычынын жаш жалбырагы салат үчүн пайдаланылат. Гүлү балдуу өсүмдүк. Айрым түрү Батыш Европада салат үчүн атайы эгилет.

                                               

Кичи-Кашка-Суу мөңгүсү

Кичи-Кашка-Суу мөңгүсү - Ички Тянь-Шандагы өроон тибиндеги меңгү, Нура тоосунун тун. капталында. Уз. 3.6 км, аянты 3.3 км 2. Кичи-Нарын д-нын оң куймасы - Сары-Күнгөйдүн алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 4280 ж, этеги 3740 м бийиктикте жатат. Меңгудон Кичи-Кашка-Суу озену башталат.

                                               

Полохрум сары аарысы

Полохрум сары аарысы, - Зоогеография жана генофондду сактоо аспектилери боюнча илимий мааниги ээ. Белгилүү болгон экинчи түрү Түштүк Европада, Закавказңеде жана дагы бир катар өлкөлөрдө коргоого алынган. Түркүмдүн эң ири өкүлү биоценозду жөнгө салуу менен эстетикалык мааниси чоң.

                                               

Кабылан

Кабылан, леопард – мышыктар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 160 смге, куйругу 102 смге, эркегинин салмагы 75 кгга жетет, ургаачысы кичирээк. Денеси булчуңдуу, буттары кыска, жүнү жыш, сары же сары кызыл түстө, кара тактары бар. Африкада, Кавказда, Түштүк Азияда, Түркмөнстандын тоолорунда, Тажикстандын түштүгүндө, Уссури крайында жолугат. Чытырман токойлордо жана түздүктө, суу жээктеринде, калың өсүмдүктөрдүн арасында жашайт. Бугу, тоо эчки ж. б. туяктуулар менен азыктанат. Айрым учурда үй жаныбарларына, ошондой эле куштарга да кол салат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

                                               

Коо

Коо – эки жагы бийик, ортосу чуңкур ой жер, аң. Түздүк-ойдуңдуу, бөксө тоолуу аймактарга таандык, нымды сүйүүчү өсүмдүктөр таралган. Жазында кар эриген кезде сууга толот. Коо эрозиялык процесстердин таасиринен пайда болот. Бул түшүнүк геогр. аталыштардын курамында кеңири таралган: Сары-Коо, Сары-Коо-Сай, Кара-Коо ж. б.; Кочкор өрөөнү да мурда Кара-Коо аталган.

                                               

Кашка беде

Кашка беде – чанактуулар тукумундагы бир жылдык же эки жылдык өсүмдүк уруусу. 25тей түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 12 түрү белгилүү. Кашка беденин сабагы түз, бутактанып өсөт, жылмакай. Жалбырагы үчилтик, чети тарамдуу. Гүлү майда, чачы сымал, сары же ак. Чанагы сөлпү, кара же сары, уругу майда. 1000 данынын салмагы 1.7–1.9 г. Тамыры чың, жерге 1.5–2 м терең кирет. Кургакчылыкка, суукка чыдамдуу, топуракты анча тандабайт. Акиташтуу топуракта жакшы өсөт. Негизинен эки түрү – ак кашка беде жана сары же дары кашка беде көп эгилет. Тоютка негизинен ак кашка беде айдалат. Курамында белок, ви ...

                                     

ⓘ Сары суу

Сары суу -

1) кар суусу - кыш бою топтолгон кардын эриген суусу; мөңгү менен кошо Кыргызстандагы агын суулардын негизги булагы болуп саналат. Жаз-жай мезгилдеринде кар көп эрип, дарыяларда ташкынды пайда кылат;

2) чополуу жана лёсстуу аймактар аркылуу агып өткөн киргилт суулар да сарысуу деп аталат, мис., Кытайдагы Хуанхэ Сарыдарыя дарыясы;

3) сарысуу - ири, жайык, башкы дарыя деген маанини да берет; ушул мааниде топоним катары Орто Азия, Казакстанда кеңири таралган, мис., Казакстандагы Сарысуу дарыялары

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →