Топ-100
Back

ⓘ Чым көң топурагы, саздак-чымкөң топурагы - топурактын жаан-чачын, көлчүк суулар ашыкча нымдап, анда өсүмдүк калдыгынын кычкылтексиз шартта чиришинен пайда болго ..



                                     

ⓘ Чым көң топурагы

Чым көң топурагы, саздак-чымкөң топурагы - топурактын жаан-чачын, көлчүк суулар ашыкча нымдап, анда өсүмдүк калдыгынын кычкылтексиз шартта чиришинен пайда болгон топурак тиби.

Чым көң топурагы кычкыл реакциялуу, ным сыйымдуулугу жогорку жана көлөмдүк салмагы төмөн болот. Чым көң топурагы жайгашкан рельефи жана өөрчүшүнө жараша айырмаланат. Чым көң топурагынын азык зат элементтери аз өсүмдүк калдыгынын толук чирибей, топтолушунан пайда болсо, өтө кычкыл реакциялуу, ал эми агын же жер астындагы суулар узакка чөөлмөктөп турушунан пайда болсо, микроорганизмдери аз, биологиялык активдүүлүгү төмөн, топурак реакциясы кычкыл же нейтралдуу келет. Чым көң топурагы КМШ өлкөлөрүнүн, Европа бөлүгүнүн түндүк-батыш, түндүк тарабында, Чыгыш Сибирь, Ыраакы Чыгышта ж. б., Кыргызстанда Чүй, Талас өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн саздуу жерлеринде ж. б. кездешет. Тоют, жашылча-жемиш, өсүмдүктөрүн шалы ж. б. өстүрүү үчүн пайдаланылат.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • "Кыргызстан". Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →