Топ-100
Back

ⓘ Кыргызстан мекемелери - Сактык мекемелери, Бажы алымы, Калаа, Браззавиль, Манама, Коомдук институт, Картография, Инвестор, Нарын, шаар, Асаналиев Тилек ..



                                               

Сактык мекемелери

Сактык мекемелери, банктар, кассалар - калктын жеке жыйган акча каражатын сактап, ага тийиштүү процент төлөп туруучу финансы кредиттик мекемелери. Сактык банктар менен кассалар сактык эсеп жүргүзүп, акча сактагандарга чек китепчесин берип, жеке ссуда сунушташы мүмкүн. С. м-лер сактык касса, сактык-ссуда ассоциациясы, кредит союздары жана башка аркылуу өз милдеттерин аткарат.

                                               

Бажы алымы

Бажы алымы - өлкөнүн чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан, мүлктөн, баалуулуктардан алынуучу мамл. акча жыйымы. Бажы алымынан бажы мекемелери жыйнайт. 1947-жылы Тарифтер жана соода тууралуу генералдык макулдашуу түзүлгөн. Анда бажы тарифин төмөндөтүү максаты коюлган. Европа экономикалык союзунун катышуучулары өзара соодадагы Бажы алымынан алып салышкан жана башка өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы тарифин белгилешкен. Бажы алымынан импорттолуучу товарлардын баасын жогорулатуу менен мамлекетке ички рынокту коргоого, товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн чектөөгө, импорттун көлөмүн жана с ...

                                               

Калаа

Калаа 1) өнөр-жай, соода-сатык, маданият мекемелери бар, калк көп жашаган ири пункт, шаар; 2) борбор маанисинде; административдик-саясий борбор. Өкмөт турган жер, министрликтердин, ведомстволордун борбору.

                                               

Браззавиль

Браззавиль – Конго Республиканын борбор шаары. Администрациялык жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарысынын төмөнкү агымынын оң жээгинде, Киншаса шаарынын тушунда жайгашкан порточо Калкы 1.3 млн. Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деңиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеңке, тамеки, тамак-аш өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу мен ...

                                               

Манама

Манама – Бахрейн мамлекетинин борбору. Түштүк-Батыш Азияда, Бахрейн аралынын түндүгүндө, Араб деңизиндеги Перс булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 160 миң. Өлкөнүн эң ири порту. Дүйнөдөгү калк эң аз жайгашкан шаар. Биздин заманга чейинки 1-кылымда арабдар тарабынан негизделген. 6-кылымда перс аскерлери тарабынан басып алынып, 7-кылымда Араб халифатынын аймагына кошулган. Бахрейн 1971-жылы көз каранды эместикке ээ болгондон Манама анын борбору. Мечит, 2 музей, университет, орто жана атайын билим берүүчү мекемелери, педагогикалык окуу жайлары бар. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык карма ...

                                               

Коомдук институт

Коомдук институт – адамдар ортосундагы ар дайым кайталанып жана пайда болуп туруучу мамилелер. Коомдук институт – иш-аракети конкреттүү коомдук функцияларды аткарууга багытталган адамдардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топтому. Мисалы; үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери. Коомдук турмуштун 4 чөйрөсүнүн ар биринин өз институттары бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) экономикалык – материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер ; экономикалык чөйрөгө тиешелүү институттар: завод-фабрика, банк, базар жана фирмалар; 2) социалдык – ар кыл социалдык жана жаш курактагы ...

                                               

Картография

Картография – картография эмгектердин теориясы, методикасы, аларды түзүү жана пайдалануу ыкмалары жөнүндөгү илим. Коом жана табият кубулуштарынын мейкиндикте орун алышын, айкалышын жана өз ара байланышын чагылдырат. Картография илим катары төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат: карта таануу, математикалык картография, карталарды проекциялоо жана түзүү, карталарды жасалгалоо, карталарды чыгаруу, карталарды пайдалануу, картографиялык өндүрүш мекемелери, картографиянын тарыхы. Айрым тематикалык карталардын түрүнүн өзгөчөлүгү жана аларды түзүү ыкмалары картографиянын башка тармактарынын пайда болушуна ...

                                               

Инвестор

Инвестор - – пайда табуу максатында активдерди, баалуу кагаздарды же кыймылсыз мүлктү, жер участкаларын жана башкалар сатып алуу аркылуу капиталды инвестициялоону ишке ашыруучу жеке адам же юрид. жак. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууну бюджеттен финансылоочу мамлекет, мамлекеттик субъект, финансы-кредит мекемелери да инвестор болушу мүмкүн. Инвестор өз өлкөсүнүн экономикасына же чет өлкөгө өзүнүн, карыз алынган же тартылган каражаттарын инвестициялоочу инвестициялык ишмердиктин субъектиси.

                                               

Нарын (шаар)

Нарын - Кыргызстандагы шаар, ошондой эле Нарын облусунун жана Нарын районунун акимий борбору Калкы - 38 800 адам 2017. Шаардын жалпы аянты - 40.5 км².

                                               

Асаналиев Тилек

Асаналиев Тилек - милициянын генерал-майору, юридика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз ССРинин ИИМинин эмгек сиңирген кызматкери. Горький шаарындагы Политехника институтунун механика факультетин, СССР ИИМинин академиясын бүткөн. 1967-81ж. Кыргыз ССР ИИМинин Түзөтүү-эмгек мекемелери башкармалыгында бөлүмдүн инженери, улук инженери, диспетчер бөлүмүнүн начальниги, 1981-91-ж. 3-түзөтүү-эмгек колониясында саясий-тарбиялык иштер боюнча начальниктин орун басары, ТЭКтердин начальниги, 1991-99-ж. КРнын ИИМинин Бишкек жогорку мектебинин начальниги, 19992005-ж. ИИМдин кадрларды даярдоо борборуну ...

                                               

Айыл-кыштак

Айыл-кыштак - элет жеринде эл отурукташкан жай. Калкы негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында кесиптенет. Шаар, шаарчаларга караганда калкынын саны чарбалык жана маданий мекемелери аз, чакан болот. Айыл өкмөтүнө карайт. 1970-ж. дүйнө жүзүндө 12-20 млндой, Кыргызстанда 2000-ж. 1801 кыштак болгон.

                                               

Аскер прокуратурасы

Аскер прокуратурасы – КР Прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмчөсү, мыйзам актыларынын республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери жана башка аскер түзүлүштөрү тарабынан так жана бирдей аткарылышын көзөмөлгө алат. Аскер прокуратурасы кылмыш-жаза ишин иликтөөнү ишке ашырат жана ишти соттук териштирүүгө катышат. Аскер прокуратурасынын ишмердигине КР Аскер прокурору аркылуу КР Башкы прокурору жетекчилик кылат.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →