Топ-100
Back

ⓘ Коруктар - Коруктар, Мамлекеттик атайын табигый коруктар, Жаратылышты коргоого арналган жер, Тарыхый-маданий маанидеги жер, Табият паркы, Хангай ..



                                               

Коруктар

Коруктар коруктар-адам чарба иши учун колдонбой,кол тийгизбей сакталган жерлер,башкача айтканда баалуу осумдуктор таралган жана эчен жылдар бою озун-озу тейлоосу табигый негизде калыптанган жаратылыш туруктуулугу учун зор маанидеги аймактар.Ал жерлерде илим изилдоо иштери жургузулот. Кыргызстандагы коруктар томонкулор: Беш-Арал,Сары-Челек,Жалал-Абад,Ысык-Кол,Сарычат-Эрташ,Каратал-Жапырык,Нарын ж. б.

                                               

Мамлекеттик атайын табигый коруктар

Мамлекеттик атайын табигый коруктар – жаратылыш комплекстерин же алардын компоненттерин сактоо же калыбына келтирүү жана экологиялык теңдештикти кармоо үчүн өзгөчө мааниси бар аймак акватория. КР мыйзамдары боюнча М. а. т. к-ды түзүү негизги жер пайдалануучудан тийешелүү жер участкасын суу объектисин алып коюуга алып келбейт. Жер пайдалануучулар чарбалык иштерди жүргүзүүдө М. а. т. к-дын тартибин сактоого милдеттүү. Максаттык арналышы боюнча М. а. т. к. төмөнкүлөргө бөлүнөт: комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой жана гидрогеологиялык. М. а. т. к. КР Өкмөтү жана облраймамадминистраци ...

                                               

Жаратылышты коргоого арналган жер

Жаратылышты коргоого арналган жер – КР жер укугу боюнча, ага коруктар, улуттук сейил бактар, мамлекеттик ботбактар, жаратылыш эстеликтери кирет. Ж. к. а. ж-лер өзгөчө корголгон табигый аймак болуп саналат. Ж. к. а. ж. өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин курамына кирет.

                                               

Тарыхый-маданий маанидеги жер

Тарыхый-маданий маанидеги жер – өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин катмарына кирген жер; ага тарыхый-маданий коруктар, эстелик жайгашкан сейилбактар, көрүстөндөр, археологиялык жайлар кирет. КР аймагында жайгашкан тарыхый жана маданий эстеликтер мамлекет алдындагы жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан корголот.

                                               

Табият паркы

Табият паркы – табигый же маданий ландшафттын коргоого алынган бир бөлүгү. Негизинен рекреациялык жана жаратылышты коргоо максатында уюшулат. Коруктар менен резерваттардан айырмаланып, табият паркын коргоо шарты татаал эмес. Кыргызстанда Беш-Таш Талас Ала-Тоосунда, Кара-Шоро Фергана кырка тоосунда, Кыргыз-Ата Алай кырка тоосунда, Ала-Арча Бишкекке жакын, Кыргыз Ала-Тоосунда табият парктары бар.

                                               

Хангай

Хангай - Монголиянын борбордук бөлүгүндөгү тайпак тоо. Уз. 700 км, туурасы 200 кмге чейин, бийиктиги 2000-3000 м эң бийик жери 3905 м, Отхон-Тенгри чокусу. Гранит, сланец, кумдук, базальттан түзүлгөн. Чокусу көбүнчө жалпак келип, айрымдарында мөңгүлөр кездешет. Майда көлдөр, ысык булактар бар. Кургакчыл тоо талаа өсүмдүктөрү, түндүк капталдарында жазы жалбырактуу токой өсөт. Хангайнын аймагында археологиялык эстеликтер көп; коруктар уюштурулган.

                                               

Кыргызстандагы корголуучу жайлар

Кыргызстандын аймагында мурдагы CССРде уюшулган корголуучу жайлардын түрлөрүнүн бардыгы эле орун алган. Алардын ичиндн 6 өзгөчө корулуучу коруктар, 3 республикалык масштабдагы улуттук парктар, 14 убактылуу корголуучу жайлар жана ондогон кооз жайлар, жаратылыш эстеликтери бар. Өзгөчө корголуучу коруктардан статусу боюнча эл аралык ЮНЕСКОнун каттоосундагы биосфералык корук – Сарычелек.

                                               

Жаратылыш паркы

Жаратылыш паркы – өзгөчө корукка алынган табигый аймак. Ага адамдын өндүрүштүк таасири анча тийбеген, эстетикалык баалуулугу менен өзгөчөлөнгөн, рекреациялык максатта пайдаланууга боло турган кадимки же өзгөчө табигый ландшафттуу жер тандалып алынат. Республикалык маанидеги жаратылыш парктары улуттук парктарга теңдештирилип, улуттук жаратылыш паркы деп аталат. Кыргызстандагы алгачкы Аларча улуттук паркы 1976-ж. уюшулган; о. эле Бешташ, Кемин ж. б. улуттук жаратылыш парктары бар.

Баргузин коругу
                                               

Баргузин коругу

Баргузин коругу - Бурятиянын Баргузин кырка тоосунун батыш капталында, Байкал көлүнүн түндүк -чыгыш жээгинде жайгашкан корук. Аянты 248, 2 миң га. Баргузин булгунун сактоо жана көбөйтүү максатында 1916-ж. түзүлгөн. Бул жердин тоолуу-тайгалуу ландшафттары да корулат. Баргузин коругунда багыш, кабарга, күрөң аюу, суур, кекилик, чил бар, көл жээгинде түлөн жашайт. Агын сууларында омуль, осетр, хариус, таймень, ленок ж. б. балыктар көп.

                                               

Жазы корукчасы

Жазы корукчасы – Ош облусунун Өзгөн районундагы аңчылык корукчасы. Жазы суусунун жайылмасында, Өзгөн шаарына жакын. Аянты 5 миң га. Жайылмалардагы камыш-чычырканактуу аймакты коргоо максатында 1975-ж. уюшулган. Анда кыргоол уялап, суучул канаттуулар кыштайт.

                                               

Жарды-кайыңды корукчасы

Жарды-кайыңды корукчасы – Чүй облусунун Панфилов районундагы мамлекеттик аңчылык корукчасы. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Жарды-Кайыңды суусунун алабын ээлейт. Аянты 8.7 миң га. Азайып жана жоголуп бараткан элик, доңуз, тоо эчки, кекилик жана кыргоолдорду коргоо жана көбөйтүү максатында 1976-ж. уюшулган.

                                               

Жети-Өгүз корукчасы

Жети-Өгүз корукчасы – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мамлекеттик аңчылык корукчасы. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун бүт алабын ээлейт. Аянты 31.61 миң га. ТКЭСтин Кызыл китебине кирген илбирс, азайып бараткан тоо эчки, элик, улар, кекилик, кыргоолдорду коргоп, аларды көбөйтүү максатында 1958-ж. уюшулган.

Манас улуттук паркы
                                               

Манас улуттук паркы

Манас улуттук паркы - Индиядагы улуттук парк жана ага чектеш Бутан өлкөсүндөгү корук. Индиядагы парк 1928-жылы негизделген, аянты 8000га. Бутандагы корук 1966-жылы түзүлүп аянты 41.9 миң га жерди ээлейт. Гемалай тоосунун түштүк бетиндеги Манас өзөнү агып өткөн өрөөн тропиктик токойго бай келип, парк менен корук үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн. Ар түрдүү айбанаттар"жолборс, индия кериги жана башка көп болгон.

                                               

Сарымогол (Сарыкмогол) заказниги

Сарымогол заказниги – Алай районунун аймагындагы ботан. заказник. Сарымогол кышнан 3 км аралыкта. 1975-ж. Костычев кундуз гүлү өскөн аймакты коргоо максатында уюшулган. Ал Алай өрөөнүндө гана өсөт. Аянты 60 га.

                                               

Семёновка заказниги

Семёновка заказниги – Ысык-Көл районундагы аңчылык заказниги. Күнгөй Алатоонун түш. капталында, Чоң Аксуунун Ысык-Көлгө куйган аймагындагы бадал-саздуу жерлерди ээлейт. Аянты 50 га. Кыргоол, көгүчкөн, жапайы өрдөк ж. б. суучул куштарды коргоо, көбөйтүү максатында 1971-ж. уюшулган.

                                               

Семиз-Бел заказниги

Семиз-Бел заказниги – Тоң районундагы аңчылык заказниги. Тескей Алатоонун түн. капталында. Семизбел, Улакол өрөөндөрүн, Чоломо, Алабел тоолорунун түн. капталдарын ээлейт. Аянты 97.0 миң га. Азайып бараткан тоо эчки, коён, кекилик, чил ж. б. коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1977-ж. уюшулган.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →