Топ-100
Back

ⓘ Информатика - Дарбаза, информатика, Леонард Адлеман, Баячорова, Батыйгyл Жумадыловна, жана алгоритм, Ади Шамир, Түгөлбаев, Орозобек, Колдонуучу, Шавкат Ахраров ..



                                               

Дарбаза (информатика)

Дарбаза -, 1) тармак колдонуучуларына арналган программалык жабдыктардын жана компьютер жабдууларынын бирикмеси. Дарбазаны пайдаланып, дүйнөлүк жана башка глобал тармактарга чыгууга болот. Ал жеке компьютер тармагын универсал компьютер системасы менен туташтырууда колдонулат. 2) Иштөө жобосуна көз каранды эмес тармак аралык берилиштерди жиберүү үчүн аппараттык жана программалык жабдуулар.

                                               

Леонард Адлеман

Леонард Адлеман – информатика илиминин америкалык окумуштуусу. Адлеман шифирлөө алгоритминин ачык кирүү мүмкүндүгү бар криптографиянын жаратуучуларынын бири, бул эмгеги үчүн Адлеман 2002-жылы, кээде информатика илими жаатындагы "Нобель" сыйлыгы деп аталган Түриң сыйлыгына ээ болгон. Ошондой эле Адлеман ДНК эсептөө илимий тармагын жаратуусу менен таанымал.

                                               

Баячорова, Батыйгyл Жумадыловна

Баячорова Батыйгyл Жумадыловна, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор. Кыргыз. Тюп районундагы Токтогул айылында туулган. Ленинград университетин колдонмо математика кесиби боюнча аяктаган. Казан университетинин аспирантурасын бүтүргөн. КУУда окутуучу, доцент, ал эми 2000-жылдан бери информатика жана компьютердик техноложиси кафедра башчысы болуп эмгектенет. Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын корр мүчөсү. Информатика жана эсептөөчү математика багыты боюнча кесип ээси. 50 дөн ашуун илимий эмгектердин автору.

                                               

Информатика жана алгоритм

Информатика жана алгоритм - Алгоритм – тийешелүү математикалык жана башка тапшырмаларды толук чечүү үчүн тапшырма аткаруучунун аракеттеринин тартибин сыпаттаган эрежелердин так жыйындысы. Мурда" алгоритмдин” маанисин ачууда" тартип” сөзүнүн ордуна" ыраат” деген сөз көбүрөөк колдонулчу, бирок компютерлерде параллел аткарылчу иш-аракеттер арбыган сайын иш-аракеттеги ыраат эле эмес, параллелдүүлүк да чагылдырылышы үчүн" тартип” сөзү көбүрөөк колдонулуп калды. ”Алгоритм” сөзүнүн теги Орус жана кирилл жазмасындагы адабиятта" алгоритм” сөзү эски убакта" алгорифм” деген түрдө колдонулган th тыбыш ...

                                               

Ади Шамир

Ади Шамир – израильдик шифрлөөчү. RSA алгоритминин кош-ойлоп табуучусу, Feige–Fiat–Shamir таану схемасынын кош-ойлоп табуучусу, окумуштуу дифференциалдуу криптоанализдин ойлоп табуучуларынын бири, ошондой эле Шамир криптография менен информатика илимдерине чоң салым кошкон.

                                               

Түгөлбаев, Орозобек

Түгөлбаев Орозобек, 1945-жылдын 10-августунда Нарын областынын Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешине караштуу Мантыш кыштагында туулган. Атасы Түнгатаров Түгөлбай 1892-жылы туулган, колхоз курулушунун активдүү катышуучусу болгон. Энеси Кулбоосунова Салый 1919-жылы туулган, өмүр бою ортолук үчүн эмгектенип келген. Экөө биригип 10 баланы таап, тарбия беришкен. Орозобек 10 баланын алтынчысы болгон. Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебинен 1951-1961-жылдары окуган. 1961-1966-жылдарда Кыргыз Мамлекеттик Университетинин КМУ физика-математикалык факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун ...

Колдонуучу
                                               

Колдонуучу

Колдонуучу - компьютер же тармактык кызмат менен иштөөчү адам. Адатта, программалардын колдонуучулары программалар кантип иштегенин билишпейт. Компьютер менен иштеген адамдардын көбү өздөрү программа түзүшпөйт. Колдонуучулар компьютерде даяр программалар менен иштешет. Көбүнчө учурда колдонуучунун колдонуучу аккаунту бар болот, жана колдонуучу аты менен системага ким экенин аныктайт.

                                               

Шавкат Ахраров

Ахраров Шавкат педагог, педагогика илимдеринин доктору. Низами атындагы ТашМПИни бүтүргөн. Окутуучу, доцент, Кыргыз-Өзбек университетинин профессору, декан жана 1999-жылдан баштап кафедра башчысы. Педагогика илиминин теориясы жана тарыхы, педагогика информатика жана аны окутуунун методикасы тармагынын адиси. 80ден ашуун илимий эмгектерди жараткан.

                                               

Автоматташтырылган долбоорлоо

Автоматташтырылган долбоорлоо - компьютер жана тиешелүү программа каражаттарын пайдалануу менен өндүрүш жабдууларын долбоорлоо. Учурда автоматташтырылган долбоорлоо өндүрүштүн негизи болуп калды. Ал архитектурада, шаар курулушунда, машине курууда, энергетикада жана башка тармактарда долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда кеңири колдонулат.

                                               

Ада программалоо тили (ADA)

Ада программалоо тили - Паскаль тилине негизделген программалоо тили. АКШда 1970-жылдын аягында иштелип чыккан. Компьютер программасын алгач түзгөн аял программист Августа Аданын ысмынан аталган. Бул тил автоматташтырылган комплекстерди программалоо тили катары иштелип чыккан.

                                               

Адобе акробат системасы

Адобе акробат системасы - бир нече иштетүү чөйрөсү менен бирдиктүү документтерди даярдоо жана таратуу системасы. Adobe Systems басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. Адобе акробат системасы аркылуу PDF калыбындагы файлдарды түзүүгө болот. Мындай файлдарды анын программаларын иштете алган каалагандай компьютердик системаларда окууга болот. Бул программанын калыбын Windows, Macintosh ж-а Unix сыяктуу кеңири белгилүү иштетүү системалары колдойт.

                                               

Буфер

Буфер. Жаңы эле киргизилген жана чыгаргыч түзүлүшкө жиберүүнү күтүп турган берилиштер буфер деп аталган эстин бөлүгүндө сакталат. Иштетүү системи эстин конкреттүү бөлүгүн буферге бекитип коөт жана анда сакталган маалыматтарды башкарып турат.

Гипершилтеме
                                               

Гипершилтеме

Гипершилтеме, же жөн эле шилтеме - бир нече документтерди байланыштыруучу HTML документтеги элемент. Окурман аны чыкылдатуу же басуу менен ача алат. Гипершилтеме бүтүн документти же документтин ичиндеги бир бөлүктү байланыштырат. Веб-барактарда, адатта анын түсү сыя көк же кочкул кызыл болуп боёлуп турат, кээде анын алды сызылган болот. Гипершилтемелер төмөнкү көрүнүштөрдүн бири боло алат: Баскычтар URLдер Текст Сүрөттөр

                                               

Дарбаза информатикада

Дарбаза информатикада – 1) тармак колдонуучуларына арналган программалык жабдыктардын жана компьютер жабдууларынын бирикмеси. Дарбазаны пайдаланып, дүйнөлүк жана башка глобал тармактарга чыгууга болот. Ал жеке компьютер тармагын универсал компьютер системасы менен туташтырууда колдонулат. 2) Иштөө жобосуна көз каранды эмес тармак аралык берилиштерди жиберүү үчүн аппараттык жана программалык жабдуулар.

                                               

Диагноз программалары

Диагноз программалары – компьютер системасынын татаал жабдуулар жана программалык жабдыктар жыйындысы. Алардын бири иштен чыгып калса, анда компьютер системасы бузулат же туура эмес жыйынтыкка келет. Диагноз программалары кандай жабдуу орнотулгандыгын, алардын иштешинде ката жоктугун, айрым программалардын туура иштешин аныктайт.

                                               

Диск иштетүү системасы

Диск иштетүү системасы – компьютердин аракетин башкарган, колдонуучу менен колдонмо программалар жана жабдуулар аралык интерфейсти уюштурган программалар тобу. Буйруктар сабы, меню, графиктик жана башкаруу болуп үч типке бөлүнөт. Диск иштетүү системасы IBM компьютерлери менен бирге Microsoаt корпорациясы тарабынан 1980-ж. иштелип чыккан. Кийин DOS версиялары иштелип чыгып, буйрук сабынын же менюнун жардамы менен башкаруу, дисканы жана эсти башкаруу жакшыртылган.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →