Топ-100
Back

ⓘ Коом - Коом, Акционердик коом, Ачык акционердик коом, Чарбалык коом, Маалыматтуу коом, укуктары, Массалык коом, Аксы окуясы, Вестернизация, Фрейдизм ..



                                               

Коом

Коом – кеңири маанисинде адамдардын биргелешкен ишмердүүлүгүнүн тарыхый калыптанган формаларынын жыйындысы. Тар маанисинде социалдык системанын конкреттүү тарыхый тиби, коомдук мамилелердин белгилүү бир формасы. Коом – адам болмушунун мейкиндикте жайгашкан жана убакыт боюнча өнүгүп туруучу чөйрөсү, анын жашоосу менен ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү жана өндүрмөсү. Коом адамдардын материалдык турмушту өндүрүү жана кайра өндүрүү процессинде негизделген мамилелеринин суммасы болуп эсептелет. Коомдун пайда болушу адамдардын өндүрүштүк иш-аракеттеринин зарыл натыйжасы. Өз ишмердүүлүктөрү аркылуу адамда ...

                                               

Акционердик коом

Акционердик коом – өз ишмердигин пайда табуу максатында ишке ашырган, акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу менен каражат тартуучу юридикалык жак. Акционердик коомдун катышуучулары коомдун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана өздөрүнө таандык акциялардын наркынын чегинде анын иши менен байланышкан чыгымдарды тартууга тобокелдик кылышат. Акционердик коом акцияларды чыгарууга милдеттүү, салым кийирүүнүн түрүнө карабастан анын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт.

                                               

Ачык акционердик коом

Ачык акционердик коом – акционердик коомдун катышуучулары өздөрүнө таандык акцияларын коомдун башка акционерлеринин макулдугусуз эле ажыратып алууга укуктуу болгон акционердик коом. Мындай акционердик коом өзү чыгарган акцияларга ачык жазылуу жүргүзүүгө жана аларды мыйзамда белгиленген шарттарда эркин сатууга укуктуу.

                                               

Чарбалык коом

Чарбалык коом - чарбалык иш-аракеттерин ишке ашыруу максатында мүлктөрүн бириктирүү аркылуу юридикалык жана жеке жактардын келишими боюнча түзүлгөн юридикалык жак. Бул акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом же кошумча жоопкерчиликтеги коом болушу мүмкүн. Алардын укуктук жана экономикалык түзүлүшү, иш-аракеттери, кайтадан уюштурулушу жана жоюу, катышуучулардын укугу жана милдеттери иш-аракеттеги мыйзам менен аныкталат.

                                               

Маалыматтуу коом

Маалыматтуу коом. Эгерде: 2) Дайыма тездик менен өсүп жаткан илимий–техник жана социал-тарыхий прогрести колдоо үчүн зарыл болгон көлөмдө улуттук маалымат ресурстарын түзүүнү камсыз кылган өнүккөн инфрасруктура болсо. 1) Өздөрүнүн иш аракеттери менен өзүмдүк жана социалдык маселелерди чечүү үчүн мамлекеттин каалаган жеринде жана каалаган убакытта акысыз же тиешелүү акыга автоматташтырылган жетүү жана байланыш системи негизинде каалаган адам, адамдар тобу, мекемелер маалымат жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо. 3) Коомдо учурдагы маалыматтар техноложиси өндүрүлсө, жашаса жана каалаган а ...

                                               

Коом укуктары

Коом укуктары - Адамдардын коом менен болгон мамилесин иретке келтирген негизги эрежелерден турган укуктар коомдук укуктарды түзөт. Жеке кишинин мамлекет алдында кээ бир укуктары бар болсо да режимге карата өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Коом укуктары жалпы жонунан эки түрдүү болот: А. Кишилердин коомго карата укуктары: -Жеке коомдук укуктар: Булар кишинин моралдык жана материалдык байлыктары менен байланышкан жана бул байлыктарын өз алдынча колдонууга, көбөйтүүгө байланышкан эркиндик жана укуктары. Мисалы, киши жана турак-жай кол тийбестиги. -Социалдык жана экономикалык коом укуктары: Кишинин к ...

Массалык коом
                                               

Массалык коом

Массалык коом – азыркы учурдагы коомдун бир катар өз алдынча өзгөчөлүктөрүн белгилөө үчүн массалык маданиятты социология жана философия колдонуучу түшүнүк. "Массалык коом" социалдык-экономикалык тармакта өндүрүштү индустриялаштыруу жана урбандаштыруу, стандартташтыруу жана массалык пайдалануу, коомдук турмушту бюрократташтыруу, массалык коммуникация каражаттарын массалык маалыматты жана массалык маданиятты жайылтуу менен байланыштырылат.

                                               

"Аксы" окуясы

"Аксы" окуясы - 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан.

                                               

Вестернизация

Вестернизация – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн элдерине батыш өлкөлөрдүн экономикасы жана саясий системасынын артыкчылыгына ишендирүү жана батыш дүйнөсүнүн маданий баалуулуктарына оң мамилени калыптандыруу максатын көздөгөн социологиялык доктрина. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү тышкы саясатта, социалдык жана экономикалык турмушту уюштурууда батыш өлкөлөрдүн таасирине тартууга багытталган.

                                               

Фрейдизм

Фрейдизм -коомду, чыгармачылык процесстерди, маданий кубулуштарды түшүндүрүү үчүн фрейдизимдин психологиялык окуусун колдонууга умтулушкан ар башка мектептердин жана агымдардын жалпы аталышы. Аталышы Австриялык психолог З.Фрейддин атынан коюлган.

                                               

Функционализм

Функционализм – коомдук жашоонун кубулуштарын методологиялык талдоо принциби. Функционализм алгачкы маселеси бүтүндүктү ажыратуу. Мазмуну боюнча Функционализм изилдөөчүнү коомдук кубулуштарды талдоого багыттайт, б.а. алардын кайталанып турушун, өзүн-өзү колдонушунун, өзүн өзү өндүрүп чыгаруусунун ыкмаларын жана механизмин ачууга багыттайт.

                                               

Эне жана баланы коргоо

Эне жана баланы коргоо - эне менен баланын ден соолугун коргоого, энелерге балдарын ден соолугу чың, күчтүү жана ар тараптан өнүккөн, акылдуу кылып тарбиялоо үчүн мүмкүндүк түзүүгө багытталган мамлекеттик, коомдук жана медициналык система. Акушердик жана гинекологиялык жардам берүүнүн алдын ала жүргүзүлүшү, мамлекеттик мүнөзү жана балдарды дарылоо, алдын ала жардам берүүсү эне жана баланы коргоонун эң негизги принциби болуп эсептелет. Ал закон менен гарантияланат.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →