Топ-100
Back

ⓘ Техника - Техника, Электр-техника материалдары, Техника-экономикалык көрсөткүчтөр, Ядролук техника, Юридикалык техника, Чубуртмалуу техника, Автожүктөгүч ..



                                               

Техника

Техника – өндүрүш процесстерин ишке ашыруу жана коомдун өндүрүштүк эмес керектөөлөрүн тейлөө үчүн курулган каражаттардын тобу. Техника эмгекти жеңилдетүү, анын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында күч жана акыл эмгегине байланыштуу адамдын милдетин толугу менен же жарым-жартылай аткарууга багытталган. Техника материалдык, маданият байлыктарын түзүүдө, энергияны алуу, жеткирүү жана өзгөртүүдө, жаратылыштын жана коомдун өнүгүү мыйзамдарын изилдөө, маалымат топтоо, сактоо, иштетүү жана берүүдө жана ошондой эле аскер ишинде да колдонулган.

                                               

Электр-техника материалдары

Электр-техника материалдары - электр-техникалык аппараттарда, машиналарда жана курулмаларда пайдаланылуучу материалдар. Алар бир нече топко бөлүнөт. Электр өткөргүч материалдар электр тогун жакшы өткөрүшү, электр өткөрбөс материалдар электр тогунун өтүшүн чектеп турушу, магниттик материалдар магнит агымын топтоп өткөрүшү зарыл. Электр-техника материалдарына өзгөчө касиеттүү жарым өткөргүч магниттик материалдар ферриттер, сегнетоэлектриктер, пьезоэлектриктер, фотоэлектриктер ж. б. кирет. Электр-техника материалдарынын касиеттерин, электр талаасындагы физикалык процесстерди изилдөө-электр ма ...

                                               

Техника-экономикалык көрсөткүчтөр

Техника-экономикалык көрсөткүчтөр – ишкана менен өндүрүш бирикмелеринин тармактык чарба иштерин талдоо, өндүрүштү уюштуруу жана аны тийиштүү техника менен жабдууну пландаштырууда, өндүрүштүк фондуларды, эмгек ресурстарын пайдаланууда колдонулуучу иш көрсөткүчтөрдүн системасы.

                                               

Ядролук техника

Ядролук техника - техниканын ядролук энергиясын пайдалануучу тармагы; ар түрдүү заттардын ядролук касиеттерин техникалык жаткан пайдаланууга байланыштуу техникалык каражаттардын жана уюштуруу иш чараларынын жыйындысы. Ядролук техниканын негизги багыттары - реактор куруу, ядролук отунун алуу, ядролук реакторлор үчүн жылуулук бөлүп чыгаруучу элементтерди даярдоо, пайдаланылган ядролук отунду кайра иштетүү, изотопторду бөлүү, радиоактивдүү изотопторду өндүрүү жана колдонуу, организмди нурлануудан коргоо методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу. Ядролук техника менен ядролук реакторлор үчүн ко ...

                                               

Юридикалык техника

Юридикалык техника – укуктук актылардын мазмунун жана түзүлүшүн иштеп чыгууда жана аларды турмушка ашырууда пайдаланылуучу белгилүү ыкмалардын, эрежелердин, усулдардын жыйындысы. Юридика аталгытаануу, юридикалык түзүлүштөр, ченемдик укуктук актыларды куруунун ыкмалары да Ю. т. элементтери болуп саналашат. Ю. т. түрлөрү – мыйзам чыгаруу техникасы, сот техникасы ж. б.

                                               

Чубуртмалуу техника

Чубуртмалуу техника - автоматтык башкаруу системаларын түзүүчү техникалык каражаттардын комплекси. Анда маалыматтарды берүү жана өзгөртүп түзүү үчүн газдын, адатта абанын же суюктуктун агымдарынын өз ара аракетинде пайда болуучу кубулуш пайдаланылат. Мис., бир агымдын бурч менен багытталган экинчисинин таасиринен бурулушу, агымдын каналдын дубалынан үзүлүшү. Чубуртмалуу техниканын түзүлүшү өтө ишенимдүүлүгү менен айырмаланат, алар өрткө жана жарылууга коопсуз, энергияны аз керектейт. Көбүнчө көмүр, нефтини кайра иштетүүчү жана химиялык өнөр жай ишканаларындагы технолиялык процесстерди башк ...

                                               

Автожүктөгүч

Автожүктөгүч - жүктү көтөрүп-ташуучу, дөңгөлөк менен өзү жүрүүчү машина. Кезеги менен алмаштырып турма жумушчу жабдыктардан турат. Ал дааналай жана чубурма жүктөрдү жүктөйт, түшүрөт, ошондой эле жайгаштыруу, которуп ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 о келген автожүктөгүч кеңири колдонулат. Электр кыймылдаткычы менен жабдылган буга окшош машине электржүктөгүч деп аталат.

                                               

Агрегатташтыруу

Агрегатташтыруу - 1) геометриялык жана функционалдык өз ара алмаштырыла турган машина, прибор, жабдууларды жайгаштыруучу ыкма. Агрегатташтыруу долбоорлоону жана буюмдарды жасоодогу жумушту жеңилдетет, алардын сапатын жогорулатат, агрегаттык оңдоо жүргүзүүгө, эскирген бөлүктөрдү жаңылатууга мүмкүндүк берет; 2) агрегатты машинеге же айрым бир машинаны агрегатка бириктирүү.

Актинограф
                                               

Актинограф

Актинограф - - күн радиациясын автоматтык түрдө тынымсыз жазып туруучу прибор. Кабыл алуучу жана каттоочу бөлүктөрдөн турат. Күнгө багытталып айланган кабыл алуучу бөлүктүн милдетин көбүнчө термоэлектрдик актинометр, каттоочу бөлүктүкүн - гальванограф аткарат.

                                               

Алмаз менен бургулоо

Алмаз менен бургулоо - таажысынын чөркөсүнө алмаз шпретилген болот цилиндр түрүндөгү бургу менен өтө катуу тоотектерин бургулоо иши. Алмаз менен бургулоо нефтини жана газды бургулоо көзөнөктөрү менен өндүрүп алууда, кендерди чалгындоо иштеринде колдонулат.

                                               

Алмаздуу жонуучу станок

Алмаздуу жонуучу станок - алмаздан же катуу болот куймадан жасалган айланма аспаптар менен көзөнөктү жеткире пштетүүчү атайын түзүлмө. Ал тетиктин цилиндр формасындагы сырткы бетин иштетүүгө да ылайыкташтырылат. Тетиктерди массалык түрдө жасоодо көп шпинделдүү станок-жарым автоматтар, аз сериялуу өндүрүштөрдө бир шпинделдүү станок колдонулат. Аны менен иштөөдө өндүрүмдүүлүгү жана иштетилген тетиктин бетинин сапаты жогору болот. Бул станок менен тетикти иштетүүнүн тактыгы 0.5 - 1.0 мкмге жетет.

                                               

Арык казгыч

Арык казгыч - суу агуучу арык, чуңкур ж. б. казуучу машина. Ал жумушчу шаймандарына карата аракеттүү, аракетсиз жана айкалышкан болуп бөлүнөт. Фреза же ротор тракторго же атайын шассиге, соко жана оодаргыч тракторго чиркелет же илинет.

                                               

Аткаруучу механизм

Аткаруучу механизм - автоматтык жөндөө ж-а башкаруу системасынын түзүлмөсү; мында башкаруу объектисинин жөндөөчү органын механикалык которууну түздөн-түз ишке ашырат. Керектелүүчү энергиянын теги б-ча гидравликалык, пневматикалык, электрдик ж. б. болуп бөлүнөт. Ал кыймылдаткычтан, кыймыл өткөргүчтөн, кабар берүүчү, текшерүүчү ж-а ажыратуучу элементтерден турат. Электрдик кубаттуулугу 10-1000 Втка жетет. Пневматикалык Ат. м. 6 кг/см 2, гидравликалыгы - 30 кг/см 2 ка чейинки басым м-н иштейт.

                                               

Владимир трактор заводу

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

                                               

Гелиоэлектр станция

Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

                                               

Детекторлоо, демодулдаштыруу

Детекторлоо, демодулдаштыруу - – төмөнкү жыштыктагы сигналды бөлүп алуу үчүн модулдаштырылган термелүүлөрдү кайра өзгөртүү. Детекторлоо – термелүүлөрдү модулдаштырууга тескери процесс. Детекторлоо термелүү жыштыгын кайра өзгөртүүгө байланыштуу болгондуктан, аны жүзөгө ашырууда сызыктуу эмес элементтер – вакуумдук жана жарым өткөргүчтүү диод, транзистор, эбегейсиз өткөргүчтүү туннелдик өтүштөр колдонулат. Бул кубулушка негизделген түзүлүштөр детектор деп аталат.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →